Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуАлай району 29.12.2014 12:58

Алайдын Жаңы-Арык айылында кыргыз жигитин сүйүп калып, аны менен Кырызстанга келе берген украин кызы жашайт

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Арык айылында Украин кызы Жанна 30 жылдан ашык убакыттан бери жашап келет. Ал кыргыз жигитин сүйүп калып, аны менен чогуу Кырызстанга келе бергенин айтат.

«Кыргызстанга келгенимде 20 жашта болчумун. Күйөөм аскерге Украинага барганда таанышканмын. Экөөбүз кеңешип баш кошууну чечкенбиз. Жаңы келгенде кыргыздардын салт-санааларын билбей көп кыйналдым. Орус келин деп баары таң калып карачу. Өзүм украин кызымын. Өзүм жалгыз кыз болчумун. Башында аябай кыйналдым. Ата-энемди сагындым, ыйладым бирок кийин көнүп кеттим. Ата-энем өтүп кеткенден бери Украинага барбайм», - дейт ал.

Учурда анын эки уул, бир кызы бар. Бүгүнкү күндө 1 небереси бар. Бир баласы 25 жашында каза болуп калган. Өздөрү дыйканчылык менен күн көрүшөт.

Жанна Кыргызстанга келгенден кийин Ислам динин кабыл алган.

45245952fc8c5c5e099a3e444bf8f32a_L

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×