Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 14.01.2015 10:51

Айыл турмушу: Кара-Суу районунун Ишкаван айылында 3 түрк үй-бүлөсү бир үйдө жашашат (фото)

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунун Ишкаван айылында 70 жыл убакыттан бери жашап жаткан түрк үй-бүлөсү бар. Эмир Хусейиновдун үй-бүлөсү айына алган жөлөк пулу менен гана күн көрүп келишээрин айтышат.

«СССР убагында айыл-чарба технукумунда иштеп жүрүп жол кырсыгына учурап, майып болуп калганмын. Менин ата-бабам Кыргызстанда туулуп, каза болушкан. Мен да өзүмдү толук кандуу кыргызмын деп эсептеймин. 20 жылдан ашуун убакыттан бери менин бутумдун азабын тартып келебиз. 7 жолу операция кылдырдым. Учурда 2-топтогу майыпмын. Мага жөлөк пул 3 миң сом берилет. Ал дары-дармектерине да жетпейт. Үй-бүлөбүздө башка кирише жок», -дейт Эмин Хусейинов.

Жубайы Зелиманын айтымында, бир үйдө 3 үй-бүлө жашайт. «Учурда бир үйдө 3 үй-бүлө жашап жатабыз. Колумда эки келиним бар. Неберелерим менен 6 сотых жерде жашоо абдан кыйын болуп кетти. Тун уулума чек берилген болчу, бирок атасынын бутуна операция кылганга акча жок болуп сатып жибердик. Неберелериме эч кандай жөлөк пул берилбейт. Келиндерим эч жерде иштебейт. Уулдарым болсо, чет жактарга чыгып иштеп келишет. Өзүбүз үлүш жерге дыйканчылык кылып, бир аз да болсо жардам беребиз. Азыркы учурда жолдошумдун жөлөк пулунан башка эч кандай кирешебиз жок. Учурда 10 киши бир үйдө чогуу жашайбыз» , - дейт Залима Хусейинова.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында түрк улуттундагы жарандар басымдуулук кылышат.

i1^cimgpsh_orig

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×