Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 14.01.2015 16:16

Айыл турмушу: Өзгөн районунун Алга айылында пенсия курактагы аялдар чеберкана ачып, кыздарга сеп даярдап, иштешет (фото)

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алга айылында пенсия курагындагы энелер кыздарга сеп даярдап, эмгектенишет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдады.

Алга айылында 2010-жылы жеке ишкер Айжамал Авазованын демилгеси менен «Айнура чеберканасы» ачылган. Анын жетекчиси Насырова Рахилянын айтымында, айылда кароосуз калган имаратты өкмөттөн сурап алып, 2010-жылы 20 миң сомго 2 бөлмөсүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн.

«Айжамал Авазованын жардамы менен ишке киргизгенбиз. Бизге кардарлар керектүү материал пахталарды өздөрү алып келип беришет. Алгач жер төшөк, жөлөнгүч, жабынгычтарды тигип, 3 киши Ырыскан, Өктөм, мен Рахиля баштадык. Элге жеңил болсун үчүн төшөктөрдү 60 сомдон, жабынчы төшөктөрдү 80 сомдон тиктик. Кийинчерээк турмушка чыга турган кыздардын септерин тиге баштадык. Кардарларыбыз көбөйө баштаганда айылдагы жумушсуз келиндерди иш менен камсыз кылып, өзүбүз чеберчиликти үйрөтүп жатабыз», -дейт Рахиля Насырова.

Ал эми чебер Ырыскан Сагынбаева, өкмөттүн пенсиясын күтүп олтура бербей, өз алдыбызча акча таап жатышканын айтат.

«Төшөктөрдөн сырткары жаш балдарга жана чоңдорго кемселдерди да тигебиз. Жумушубуз жакшы үй жумуштарына да кеңири жетишебиз. Тапкан каражатыбыз студент балдарыбызды окутууга тойлорго үй-бүлөбүзгө жетет»,- дейт Рахия Насырова.

60

59

58

56

55

54

53

67

61

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×