Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуАлай району 19.02.2015 14:53

Айыл турмушу: Алайда агроайылчарба кооперативинин активдүү мүчөсү М.Табалдыев 12 тонна 1-2 репродукциядагы картошка үрөнүн сактаган(фото)

Turmush -  

Алай районундагы Алай агроайылчарба кооперативинин активдүү мүчөсү Мырзабек Табалдыевдин картошка сакталуучу жертөлөсүндө 12 тонна 1-2 репродукциядагы картошка үрөнү сакталууда.

26 жылдык иш тажрыйбасы бар дыйкан өткөн жылы «Санте» сортундагы «Элита» картошкасынан 800 кг жана «Пикассо» сортунун «Элитасынан» 200 кг картошка урук сатып алып, аны Алайдын Корул аймагындагы Тегерек-Саз участкасындагы 0,35 гектар жер аянтына эккен.

Сапаттуу үрөндөн мол түшүм өндүргөн дыйкандын чеги 35 тоннага жеткен.

Жергиликтүү шартка ылайыкташкан картошка уругун эми ал айылдаштарына таркатууну көздөөдө.

Ысымы аталган дыйкандан жаш жарышын утурлай Алай агроайыл чарба кооперативинин башчысы Бакыт Жаркынбаев менен райондогу айыл чарба департаментинин башчысы Көчкөн Алиевдер кабар алып келишти.

SAM_2328

SAM_2329

SAM_2330

SAM_2331

SAM_2335

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×