Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 23.03.2015 17:59

Өзгөндөгү Эски Покровка айылынын тургуну экинчи жеке балык чарбасын ачууну пландоодо

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Эски Покровка айылынын тургуну Орозбай Абдрахманов балык чарбасын ачкан. Ал экинчи балык багуучу көлмө ачууну көздөп жатат.

«Өзүмдүн үлүштүк жеримди атайын техниканын жардамы менен балык багуучу көлмөгө айландырдым. Ушул жылдын февраль айында атайын Өзгөн райондук балык чарбасынан 17 кг беламур жана карп балыктарынын чабактарын (балыктын икрадан кийинки убагы) сатып алып келип, көлмөгө кое бергем. 1 килограммында 300 даана чабак болот. 3 күндө бир жем берилет. Арпа, буудай, жүгөрүнүн тартылганын беребиз.

Азыркы күндө чабактар 2 эсеге чоңоюп калды. Жакында дагы 10 кг алып келип кошом. Техника өзүмдө бар болгондуктан, чабактарды сатып алууга гана 5 миң сом акча кетти. Менин балык көлмөмдүн жанындагы жерлердин барын камыш басып, көп жылдардан бери иштетилбей жаткандыктан, өзүмдүн чарбамды кеңейтүүнү пландаштырып жатам.

Жакынкы күндөрдө дагы бир балык багуучу көлмө жасап ал жерге сазан, караз, чехон жана башка балыктын түрлөрүн багууну көздөп жатам», - деди О.Абдырахманов.

Бул көлмөгө каалоочулар келип, кайырмактары менен балык кармап, ошол жерде бышырып жесе, же үйлөрүнө сатып кетсе да болот.

«Кемпир-Абад көлү бизге жакын болгондуктан ал жерден балыктарды кармап, өзүмдүн көлмөмө таштап жатам. Август айларында көлмөдөгү балыктарды сатыкка чыгарууга жарап калат. Ал эми карп, беламур балыктарын көп жылдык кылып өстүрөм. Ошондуктан алар өзүнчө багылат. Алар 2016-жылдын жаз айларында икра таштоого даяр болот», - деп кошумчалады О.Абдырахманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×