Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 02.04.2015 15:14

Айыл турмушу: Оштун 60 жаштагы тургуну С.Арзыбаева бисерден, кофеден ар түрдүү буюмдарды жасап келет (фото)

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Санавар Арзыбаеванын иш бөлмөсүнөн колдо жасалган ар түркүн буюмдарды көрүүгө болот, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, ал бисерден дарактарды жасап, кофеден үйлөрдү жасайт. Ал бул өнөрүн кызыккан окуучуларга үйрөтүү үчүн атайын ийрим ачып, учурда 17 балага үйрөтүүдө.

«Мен чыгармачылык менен иштегенди аябай жактырам. Мурунтан эле үйдө ар кандай буюмдарды жасачумун. Бир күнү директорубуз өнөрүңдү балдарга да үйрөтпөйсүңбү деп айтты. Ошондон бери, балдарга өзүм билген нерселердин баарын үйрөтүүгө аракет кылып келем»,- дейт С. Арзыбаева.

Мугалимдин эн чоң жардамчысы анын небереси Сайкал Нурматова. Ал келечекте чоң энесин тартсам деген ниети күч. Санавар Арзыбаева №14 мектепте англис тили сабагынан сабак берет. Учурда 60 жашта.

Пенсия курагына келип калса да жаштардан кем калбастан, жан үрөп эмгектенип келет.

101

102

103

104

105

106

108

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×