Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу 11.06.2015 14:04

Айыл турмушу: Орукта күжүрмөн эмгек жумшаган Б.Ишаева эне 100 жашта болсо да, баскан турганы тың, акылы тунук

Turmush -  Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында орукта күжүрмөн эмгек жумшаган Батый Ишаева 100 жашта болсо да, баскан турганы тың, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Жети-Өгүз айылынын тургуну, оруктун ардагери Б.Ишаева 16 жашында турмуш куруп, каардуу согуш жылдарында күжүрмөн эмгек жумшаган. Өгүз араба айдап, талаачылык жумуштардын бардыгын жасап, согон, чалкан терип жечүбүз, дейт ардагер.

«Күндүзү жоокерлер үчүн тамак-аш жөнөтүү менен алектенип, түнкүсүн жүндөн жылуу байпак токуп жаштыгыбыз кыйын кезеңге туш болду», - дейт өз сөзүндө.

Абышкасы Турганбай ата майдандан кайтбай калса да, Батый эне уулуна татыктуу тарбия берип чоңоткон. Учурда ардагер бир канча небере, чөбөрөлөрдүн татыктуу энеси. Кылымгаөмүр сүрсө да, акылы тунук, санжыра айтып, келечек ээлерине акыл-насаатын берип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×