Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 12.06.2015 15:18

Айыл турмушу: Союз мезгилинде Өзбекстандан себет алып келүүнү баштаган Оштун 67 жаштагы тургуну тойлор көп болгон учурда 50-60 даана себет сатат (фото)

Turmush -  Ош шаарында сатылып жаткан себеттер Өзбекстандан алынып келет. Учурда Ош шаарындагы себет сатуучулардын бири болгон 67 жаштагы Анархан Камбарова бул иш менен алектенүүнү СССР учурунда эле баштаган.

«Мен көп жылдан бери себет сатып иштеп келем. Союз мезгилинде Өзбекстанга оңой эле кирип-чыкчумун. Учурда ал жактагы тааныштарга буюртма берем, алар алып салып жиберишет. Кыргызстанда себет жасаган адам жокко эссе. Мурун жасагандар бар болчу, бирок учурда жасабай калышты», - деди А.Камбарова.

Маалыматка ылайык, себеттин 50гө жакын түрү бар. Ошко 5-6 түрү гана алынып келет.

«Себет тойлордо көп колдонулат. Себеби нан салып көтөрүп алууга ыңгайлуу. Бул себет ата-бабаларыбыздан мураска өтүп келе жатат. Түрк атанын балдарына тиешелүү буюм. Себетти жакшы пайдаланса 20-30 жылга чейин чыдайт. Мен 17 жыл мурун Өзбекстандан 2 себет сатып алгам. Кичинеси 3,5 сомго, чоңун 6 сомго, ушул күнгө чейин пайдаланып келем», - деп кошумчалады.

Себеттер сапатына жараша ар кандай бааларда сатылат, башталгыч баасы 450 сом.

«Себеттер көлөмүнө, сапатына карата ар кандай баада болот. Себет мажүрүм талдан, изгириттен жана башка дарактардан жасалат. Той сезону башталганда себеттер көп сатылат. Кээде 50-60 себет саткан күндөр болот. Кышкысын эч ким себет албай калат», - деди сатуучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×