Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 25.06.2016 13:56

Айыл турмушу: Ошто шурулардан түрдүү билериктерди жасап саткан студент кызга Баткенден дагы буюртмалар түшөт (фото)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылынын тургуну Бегимай Мадамбекова шурулардан түрдүү буюмдарды жасап, ага кардарлардын атын түшүрүп берет.

Б.Мадамбекова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алат. Окуудан сырткары убактысында жасаган буюмдарын сатып, киреше табат. Анын шурудан билериктердин түрүн жасоосуна пайдалуу кеңештер тууралуу телеберүү түрткү болгон.

«Менин апам чебер. Бирок, мен тигүүчүлүккө эмес, шурулардан кооз буюмдарды жасоону жактырам. Бир күнү сыналгы көрүп отуруп, пайдалуу кеңештерди айткан телеберүүдөн бир кыздын билериктерди жасап жатканын көрүп калдым. Анын жасаган аксессуарлары аябай жагып калды. Эртеси эле мончокторду алып келип, өзүмдүн фантазияма жараша ар кандай билериктерди жасап баштадым. Башында өзүмө гана жасап жүрдүм. Бир күнү курсташтарым көрүп, жактырып калышты. Ошентип жасаган билериктерди сата баштадым», - деди ал.

Анын айтымында, ага баткендик кыздардан дагы буюртмалар түшөт.

«Мен билериктерди, түрдүү аксессуарларды жасайм. Кардарларыма атын кошуп жасап берсем алар кубанып калышат. Атайын түгөйлөр үчүн дагы жасайм. Кээ бирлери өздөрү сүрөттөрүн жөнөтүп жиберишет, мен алар каалагандай кылып жасап берем. Социалдык түйүндөрдөгү өзүмдүн баракчама дагы жайгаштырып койгом. Баткендик кыздар да буюртма беришет. Мен жасап айдоочулардан берип жиберем», - деди Б.Мадамбекова.

Анын жасаган буюмдары 50 сомдон жогору бааланат. Бегимай үй-бүлөдө 6 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×