Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусуАраван району 13.07.2016 14:59

Айыл турмушу: 18 жаштагы Зохрохан кийим тигүүчү цех ачып, шакирттерин үйрөтүүдө (фото, видео)

Turmush -  Аравандагы Чек-Абад айылынын тургуну Зохрохан Насирходжаева жайкы эс алуу учурунда кол өнөрчүлүк менен алектенүүнү чечкен. Ал кичи цех ачып, кыздарга кийим тигүүнү үйрөтүп жатат.

«Жайкы эс алуу учурунда бош жүрбөй кичи цех ачтым. Учурда атайын буюртма алып иштеп жатам. Биз негизинен көйнөктөрдү тигебиз. Андан сырткары, эки кызга көйнөк тигүүнү үйрөтүп жатам. Алар дагы жайкы эс алуу учурунда тигүүнүн жолдорун үйрөнүп жатышат», - деди ал.

18 жаштагы Зохрохан кийим тигүүнү апасынан үйрөнгөн. 9-классты аяктагандан кийин Аравандагы колледжде тигүүчүлүк боюнча билим алган. Учурда ар бир көйнөктү 500 сомго чейин тигип берет.

«Көйнөктөрдү буюртмага жараша тигип жатабыз. Ар бир адам өзүнө жаккан көйнөктү айтат. Буюртма берген адам кийимдин кездемесин өзү алып келип берет. Көйнөктөр тигилишине жараша 150 сомдон 500 сомго чейин бааланат», - деди З.Насирходжаева.

Зохрохан келечекте кийим тигүүчү чоң цех ачууну пландап жатат.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×