Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 22.07.2016 08:50

Айыл турмушу: Жекендилик мүнүшкөрдүн тайгандары мал-жандыктарды карышкыр менен чөөдөн коргойт (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылынын 45 жаштагы тургуну Тагайбек Маматов 15 жылдан бери мүнүшкөрлүк менен алектенип келет. Анын атасы да мергенчилик менен алектенип, бөрү, тайган, кийик жана башка майда жапайы жандыктарды багып жүргөн.

Тагайбек атасынын жолун жолдоп, мүнүшкөрлүктү коен багуудан баштаганын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди. Андан кийин аңчы иттин тукумун багып, тайгандын күчүктөрүн Таластагы базарлардын биринен сатып алган.

«Тайганды күчүк кезинен жалтаң кылбай тарбиялоо керек. Тайган өзү эрке жаныбар. Уруп, кагып-силкип койсоң жалтаң болот. Балаңды кандай тарбияласаң, итке дагы ошондой мамиле кылып, бекем, кайраттуу болууга тарбиялоо керек.

Итти жугунду берип баксаң, чоңойгондо жугунду алып келет. Ал эми эт менен баксаң, элик, теке алат. Күчүк кезинде жакындан ок атып, мылтыктын үнүнө да көндүрүү зарыл. Чырга сүйрөтүп, түлкү куудуруп жашынан таптаса накта тайган чыгат. Тайганды шаардыктар ар 3 айда 1 жашка толду деп айтышса, Чоң-Алайда илгертеден эле 1 кыш өткөндөн соң бир кыш басты (бир жашка толду) деп айтышат.

Тайган башка иттерден айырмаланып, өтө тез кыймылдайт. Ошондуктан кыргыздар тайган деп күлүк, аңчы иттердин тукумун айтат. Кыргыз тайгандарынын боюнун бийиктиги 65-70 сантиметр болуп, куйругу оролуп турат. Көзү күрөң, кызыл түстө, бели ичке, көөдөнү кең, шалпаң кулак, жүнү тыбыттуу келип, арткы 2 буту иймегирээк келет. Тайгандар кара, куу, көк, күрөң түстө болушат. Этти жакшы көргөндүктөн жазында суур, коён кармап жеп чыгат. Жазында күчтүү эт жеген ит кыштан оорубай жакшы абалда чыгат.

Кыргыз тайганы тоо-ташта, түздө, токойдо болобу ылдамдыгы, чапчаңдыгы, шамдагайлыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы, кайраттуулугу, эр жүрөк, көк жалдыгы менен кескин айырмаланат. Дагы бир өзгөчөлүгү — кыргыз тайганы гана из кууп, жыт искеп, аң уулайт. Башка тайгандар из куубайт. Тайганды коргонуу үчүн гана багып калдык десек да болот», - дейт Тагайбек Маматов.

Акыркы жылдары айылда бөрү көбөйүп, тайган бөрүлөргө дагы салынып калганын айтат.

«Тайган бөрү менен алышып жатканда өтө сак болот жана түз кыймылы менен аны чарчатып, акыры өлтүрөт. Жалгыз болсо бөрүнү ала албайт. Ошондуктан ар бир мүнүшкөр тайганды 2 жуп кылып багышат. Башка породадагы чоң иттер ар кандай амалдарды колдонбой, карышкырга күчү менен гана каршы чыгып жеңип чыгат, бирок оор жараат алып калышат.

Ушул убакка чейин бөрүгө каршы чыгуучу 7 ит бактым. Алардын бары бөрүдөн утулган эмес. 2 жылдан бери чөөлөр көбөйүп, тайгандар аларды уулоо менен алектенип калышты. Чөө өтө куу жаныбар болуп, аны кармоо өтө кыйынга турат. Быйыл 2 чөөнү мергенчилер атса, бирин тайган кармап, бир чөө капканга түштү.

Азыр Мукур жайлоосунда чөө көбөйүп, майда жандыктарды жеп жатат. Жакын арада эле 4-5 майда жандыкты жеп кеткен. Ошондуктан тайгандар менен элдин малын коргоого бүт күчүмдү сарптайм», - деди Т.Маматов.

Ошондой эле, ителги сатып алып багууну пландап жатат. Айылды ар кандай жапайы жаныбарлардан коргоп турууну каалаган мүнүшкөр бул иши менен элге жардам берип жатканына кубанычта. Учурда өзүнүн уулу дагы бул кесипке кызыгып, алектенип баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×