Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 03.09.2016 11:16

Айыл турмушу: 26 жылдан бери шырдак шырган С.Бекмаматованын эмгектерине буюртма бергендер арбын (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Чалма айылынын 46 жаштагы тургуну Сабира Бекмаматова 26 жылдан бери шырдак шырат. Аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, учурда буюртма бергендер көп. Бир шырдакты 10 күндө шырып бүтүрөт.

«Менин бала чагым жайлоодо өткөн. Шырдак шырганды ошол убакта чоң апаларыбыздан үйрөнгөм. 20 жашымда өз алдымча шырдак шырып баштап, ушул убакка чейин бул иш менен алектенем.

Шырдак шырган татаал иш. Ошого карабай бул ишимден рахат алам. Жолдошум бул ишиңди ташта деп көп айтып калат. Анткени, бир жерде кечке отура берип ооруп калган күндөрүм да болот», - дейт С.Бекмаматова.

Анын эмгектери 500 сомдон 10 миң сомго чейин бааланат.

Чебер айым учурда 2 уул, 3 кыз жана 3 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×