Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 03.09.2016 14:12

Айыл турмушу: Жаңы-арыктык таланттуу сүрөтчү Ж.Матамаров жыгачтар менен тамырларга экинчи өмүр тартуулайт (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 60 жаштагы тургуну Жусупбек Матамаров жыгачтарга экинчи өмүр тартуулайт. Ал кадимки эле дарактардын тамырларынан жаныбарлардын сөлөкөттөрүн жасайт.

Жусупбек Матамаров 1980-жылы Фрунзедеги көркөм окуу жайын аяктап, Кара-Суу районундагы балдардын чыгармачыл борборунда сүрөт мугалими болуп иштеп баштаган. 2005-жылдан тартып дарактын тамырлары менен иштейт. Таланттуу инсан менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

«Балдардын чыгармачыл борборундагы окуучуларымда изденүү күч болчу. Аларга жаныбарлардын сөлөкөтүн жыгачтан жасап келүү тапшырмасын берсем тамырлардан жасап келишиптир. Карасам, жасоого ыңгайлуу экен. Ошентип 2005-жылдан тартып жыгач ийримин ачтым.

2005-жылы республикалык деңгээлде өтүүчү “21-кылымдын интеллектуалдары” кароо-сынагына окуучумду алып бардым. Ал окуучум дал ушул жыгач өнөрү боюнча экинчи орунду алды», - дейт Ж.Матамаров.

Ж.Матамаров

Дарактардын тамырларын Куршаб дарыясынан алышат. Суу менен агып келген бак-дарактардын тамырларын пайдаланууга оңой. Тамырлардын жаныбарларга окшоштугун издеп, ошого жараша формага келтирет.

«Бул өнөрдү сактап калуу керек. Кайталангыс нерсе болгондуктан жасаган эмгектерибизди толугу менен сактап келем. Быйыл Тарых жана маданият жылына карата мектепке көркөм өнөр галереясын ачтым. Анда, жалаң гана жыгачтан жасалган эмгектерибизди көргөзмөгө койдум. Табигый баалуулуктарды сактап калышыбыз керек», - деп кошумчалады.

Жусупбек агайдын жасаган эмгектерин сатып алууну каалагандар көп. Бирок аларды сатууну көздөбөйт. Анын себебин аларды кайталап жасоо мүмкүн эместиги менен түшүндүрөт. 11 жылдын аралыгында 100дөн ашуун жаныбарлардын сөлөкөтүн жасаган.

Ата жолун жолдогон 2 уулу тең ушул тармакта дасыккан адис болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×