Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуАлай району 03.09.2016 14:31

Айыл турмушу: Алайлык А.Нуркулова 16 жылдан бери карагат сатуу менен алектенет (фото)

Turmush -  Алай районунун 53 жаштагы тургуну Асипа Нуркулова 16 жылдан бери карагат сатуу менен алектенет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анын айтымына, мурда карагатка суроо-талап аз болчу.

«Карагатты 15 жылдан бери сатам. Алгач сата баштаган жылдарда карагатка суроо-талап өтө аз болчу. Анткени, карагаттын пайдалуу жактарын көпчүлүк билбей келген. Жылдан жылга эл дагы карагаттын пайдалуу экенине ынанып, көп сатып ала башташты. Карагатта аз кандуулуктун алдын алуучу витаминдер көп. Калың элге карагат 2 түрү менен белгилүү. Чын карагат жана бөрү карагат. Чын карагат канды көтөрүүгө жардам берсе, бөрү карагат коюлуп кеткен канды суюлтууга жардам берет. Булар биздин табигый байлыгыбыз», - деди ал.

Асипа айым карагаттын баасы күз айларында кымбаттай тургандыгын кошумчалады.

«Бул өсүмдүк тоолуу аймакта өсөт. Мага көбүнчө Алай, Папан тоолорунда өскөн карагаттарды алып келишет. Жай айларында 1 кг 120 сомдон сатсак, күзүндө 150 сомдон сатабыз. Себеби терип келгендер, балдарына окууга кийим кылуу үчүн карагаттын баасын көтөрүп жиберишет. Карагатты терүү деле оңой-олтоң иш эмес», - деди каарманыбыз сөзүн улай.

Асипа Нурдинова 6 баласын карагат сатып тапкан кирешеси менен баккан жалгыз бой эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×