Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 05.09.2016 15:26

Айыл турмушу: Оштун тургуну бир нече ооруга даба болгон кайналы сатып, киреше табат (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 56 жаштагы тургуну Анаркан Токтомуратова 20 жылдан бери базарда кара өрүк (кайналы) сатып келет.

А.Токтомуратова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, быйыл кайналынын баасы өткөн жылга салыштырмалуу арзан болууда.

«Мен кара өрүктү көп жылдардан бери сатып келем. Базарда соода кылуу мага ырахат тартуулайт. Эл менен аралашып, бүт ооруларымды унутам. Кардарларым да көп. Кээде базарга чыкпай калган учурларымда телефон чалып, сурап турушат», - деди А.Токтомуратова.

Ал быйыл түшүм көп болгондугун жана өткөн жылга караганда кара өрүктүн баасы төмөн экенин айтат.

«Мен кара өрүктөрдү Өзгөн, Куршабдан алып келем. Быйыл бардык жерде түшүм жакшы болду. Ошондуктан былтыркыга караганда кара өрүк арзан болуп жатат. Мисалы, былтыр 1 кг кара өрүк 35-40 сомдон болсо, быйыл 20-25 сомдон болууда», - дейт ал.

Анын айтымында, кара өрүк ичеги-карындын иштешин жакшыртат, жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алат. Кара өрүктүн кургатылганы аз кандуулуктун жана ашыкча салмактуулуктун алдын алат.

А.Токтомуратованын 3 баласы, 8 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×