Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 06.09.2016 12:05

Айыл турмушу: 5 улуттун өкүлдөрүнөн куралган Оштогу А.Халиковдун үлгүлүү үй-бүлөсү (фото)

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Аширбек Халиковдун үй-бүлөсүндө 5 улуттун өкүлү бар.

А.Халиков Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал жубайы Кундуз экөө 3 кыз, 1 уулду тарбиялашкан.

Алардын куда-сөөктөрү ар башка улуттан. 5 улуттун башын бириктирип, аларга кыргыздын каада-салттарын да үйрөтүп келишет. Учурда алардын 13 небереси бар. Бары кыргыз тилинде сүйлөшөт.

«30 жыл шаарда иштегендиктен келинчегим экөөбүз балдарыбыздын өз каалоосуна карап турмушка беребиз дечүбүз. Улуу кызым Аида кыргызга турмушка чыкты. Артынан эле экинчи кызым Саида өзбек улутундагы жигитке турмушка чыгаарын айтып калды. Башында каршы болдук. Бизден өтүп туугандарыбыз тилдегенге чейин барышты. Канча каршылыктар болгонуна карабай баш кошушту. Алгач баары биздин салт боюнча болот деп шарт койдук. Айткандай эле тойдун каада-салты кыргызча болду. Уулум Саидисламды үйлөнтөлү десек, сүйлөшкөн кызы орус улутунан экен. Келинчеги да ислам динин кабыл алаарын жана кыргыздын үрп-адаты менен жашаарын айтыптыр. Эң кенже кызым Гүлжамал да кесибине байланыштуу башка улуттун баласы менен сүйлөшүп жүрүп, сүйүп калганын айтып чыкты. Күйөө баланын апасы казак, атасы уйгур экен. Алар учурда Казакстанда жашашат», - дейт А.Халиков.

Учурда Аширбек жана Кундуз неберелери менен биргеликте, уул-келини чогуу жашашат. Келини Екатерина (ислам динин кабыл алгандан соң атын Камила деп өзгөрткөн) кайын журтун сыйлап, кайын энесине жумуш кылдырбай баарын өзү жасайт.

Халиковдор шаардагы көп кабаттуу үйүн жер тамга алмаштырышкан. Ал жактан убакытты текке кетирбей, сүт сатып алып, андан 10дон ашуун продукция чыгарышат. Ал жумуштардын көбүн Камила жасайт.

«Орус кыз болсо, бизге кандай келин болоор экен деп чоочулаганмын. Бирок, келиним кыргыз келиндеринен кем калбай, бардык кызматтарды жасайт. Уй саайт, сүт тартат. Айран уюутуп, сүзмө кылат. Каймакты сызгырып, чөбөгө, сары май даярдайт. Сүттөн жасалган 10дон ашуун азыктарды жасап, сатабыз. Ал эми кудагыйлар менен мамилебиз абдан жакшы. Мисалы, келинимдин апасы орус болгонуна карабай материал, жоолук, калпак, көйнөк көтөрүп келет. Алар кыргыз салтын абдан сыйлашат. Билбей калса сураштырып болсо да аткарышат. Казак кудалар да ошондой. Демек, улуттун жаманы жок, жаман адамдар болушу мүмкүн деген кепке ынанууга негиз бар», - дейт Кундуз Халикова.

Халиковдордун үй-бүлөсү көпчүлүктүн назарын бурат. Аларды жергиликтүү телеканал, гезит, радиолордон сырткары Орусиянын каналдары да чагылдырышкан. Анткени, көп улуттун башын бириктирген үй-бүлө көңүл чордонунда турат.

«Кан алмашкандан кийин балдары башкача болот экен. Мен бул сөзгө неберелеримди көрүп ынандым. Бары кыргыз, орус, казак, өзбек тилдеринде эркин сүйлөшөт жана пикир алмашышат. Алар чогуу ойноп жатканда көп көңүл бурам. Барында «мен кыргызмын» деген принцип жашаарын байкайм. Казакстанда жашаган неберелериме кызым кыргыз тилин үйрөтүп, кыргызча тарбия берет. Жээн неберелер конокко келгенде кыргызча так сүйлөшөт», - деди А.Халиков.

Ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн үй-бүлө түптөп, улуттар ортосундагы достукту жана ынтымакты бекемдеген Халиковдорду кошуналары үлгүлүү үй-бүлө катары санашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×