Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуАлай району 08.09.2016 16:53

Айыл турмушу: Алайлык уста тоют даярдоо үчүн майдалагыч жасап сатууда (фото)

Turmush -  Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын тургуну Базарбек Жаныбаев дыйкандардын жумушун жеңилдетип, тоют даярдоо үчүн майдалагыч (дробилка) жасап сатууда.

Б.Жаныбаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, тоолуу айылдын эли мал чарбачылык менен алектенет.

«Биздин айыл тоолуу болгондуктан эл мал чарбачылыгы менен алектенет. Жыл сайын малга тоют камдап, чөп жыйып, жем сатып алабыз. Мен жергиликтүү тургундарга жеңил болсун деген максатта тоют камдоого майдалагыч жасап сатып жатам. Майдалагыч буудайды, жүгөрүнү, чөптү майдалап, жем кылып чыгарат», - деди ал.

Жаш кезинен бери темир устачылыкка кызыккан 52 жаштагы Базарбек Жаныбаев майдалагыч жасоонун сырын кошунасынан үйрөнгөн.

«Кошунам темир ширетип иштечү. Мен да устачылык кылып калчумун. Бир күнү экөөбүз майдалагыч жасап сатуу идеясын ишке ашырдык. Кийин кошунам кайтыш болуп кетип, өзүм жасап калдым. Темир менен иштөө оор жумуш. Көзгө дагы зыяны тиет. Мен 1 жылдан бери майдалагыч жасап сатам. Менден «АгаХан» фондунун кызматкерлери да жасатып кетти. Баасы 18 миң сомду түзөт. 50 кг жемди 10 мүнөттө тартып берет. Буюртмалар күз айларында көп түшөт», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×