Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 14.09.2016 19:17

Айыл турмушу: Үйүндө 4 баласын тарбиялаган Г.Айтиева кооз жана сапаттуу сумкаларды жасап, россиялыктарга сатат (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну Гүлбарчын Айтиева жиптен айымдардын кызыгуусун жараткан сумкалардын түрүн жасайт. Анын кардарларынын басымдуу бөлүгү Россиянын жашоочулары. Алар интернет аркылуу буюртма берип, сумканын баасы арзан экенине кубанышат.

«Мектепте окуп жүргөндө кол эмгек сабагынан мугалимибиз жиптен түймө түйүүнү үйрөткөн.

Балдарым удаа төрөлгөндүктөн 4 жылдан бери жумушка чыга элекмин. Бош отурбай өзүмө сумка тигип көрдүм. Ал өзүмө жакпай калды. Башкачараак изденгим келип интернеттен үйрөнүп баштадым. Бара-бара алардын санын көбөйтүп, туугандарыма белекке тартууласам алар өгөчө тигилгенин айтышты. Ошентип дароо эле кардарлар көбөйө баштады», - деди Гүлбарчын.

Каарманыбыздын жасаган сумкаларынын өзгөчөлүгү кооздугу менен бышыктыгында. Сапатсыз болуп калбасын деп ар бир сумкага 2 күндүк убактысын кетирет.

«Базарларда кымбат баалуу баштыкчаларга оор нерсе салуудан чоочулайбыз. Көркүн жоготуп албоо үчүн таза көтөрөбүз. Эгер жуусак түлөп кетет же өңүн өзгөртөт. Мындан улам СССР мезгилиндегидей сапаттуу, узак мөөнөткө чейин пайдаланса боло турган сумка тикким келген. Жиптери кымбат болгонуна карабай сатып алып, сапаттуу баштыктарды тигип жатам. Бул өнөр жөн гана хоббим. Өз кесибим боюнча жумушка чыкканча бош отурбайын деп кызыгуумду ишке ашырып жатам», - деп кошумчалады.

Г.Айтиева бул өнөрдү аркалоону каалагандарга билгенин үйрөтүүгө даяр. Учурда сумкалардын баасы 350 сомдон 1 миң сомго чейин. Бул ишти баштаганына 3 айдын жүзү болгонуна карабастан буюртма бергендердин саны көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×