Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 15.09.2016 09:33

Айыл турмушу: Уз-чебер мугалим Ф.Сабированын студенттери жасаган эмгектер Африкага чейин таанылууда (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 53 жаштагы тургуну Фарида Сабирова 30 жылдан бери студенттерге кол өнөрчүлүк боюнча сабак өтөт. Бул жылдар аралыгында уз-чебер мугалим көптөгөн ийгиликтерге жетишкенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

«Жаштайымдан эле мугалим болсом, балдарга таалим-тарбия берсем деп тилек кылчумун. Бул тилегим 1986-жылы ишке ашып, ОГПИге кол эмгектен мугалим болуп калдым. Бирок бул жакта иштеп калам деп эч ойлогон эмесмин. Башында эле өтө кызыгуу менен өзүм да үйрөнүп, өзгөгө да үйрөтүп баштадым», - дейт Ф.Сабирова.

Фарида Сабирова кийимдерди дагы мыкты тигет.

«Бала чагымда куурчактарды өзүм жасап алчумун. Мектепте окуп жүргөн кезде да ар түрдүү гүлдөрдү жасап, чоң келген кийимдерди кыркып кичирейтип кийчүмүн. Менин бул шыгымдын өркүндөшүнө биринчи мугалимимдин салымы чоң», - деди Ф.Сабирова.

Эмгектери менен Казакстан, Германия, Англиядан келген мыкты кесипкөйлөрдөн көптөгөн алкыш баракчасын, сертификаттарды алды.

«Эмгектеримдин артынан чет өлкөлүк профессорлор менен жолуктум. 1995-жылы Манас атабыздын 1000 жылдыгына карата «Манасым — менин мурасым» аталышында панно (жиптен жасалган портрет) жасап, алкыш баракчасын алгам. Андан сырткары облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги кароо-сынактарга студенттерим менен катышып көптөгөн грамота, дипломдорду алганбыз. Студенттеримдин жасаган эмгектери Африкага чейин кетип жатат», - деп кошумчалады чебер айым.

Бош убактысын текке кетиргиси келбеген мугалим жумуштан кийин үйүндө жууркан тигүү, килем согуу, кыздарга сеп даярдоо менен алектенет.

«Колум бошой калса эле отура калып кыздарга сеп даярдайм. 1 мүнөттү да текке кетирбегенге аракет кылам. Чеберчиликтен сырткары гүл өстүрүүгө да абдан кызыгам. Университеттеги иш бөлмөмдү түркүн түрдүү, адамды эс алдыруучу гүлдөр менен кооздогом. Жакшы жашап, татыктуу өмүр сүрүү үчүн аракет кылам. Колумдагы өнөрүмдү жалгыз келиниме өткөрүп берсем деп ага да үйрөтүп жатам», - деди Ф.Сабирова.

Ф.Сабирова 1 уул, 1 кыз, 5 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×