Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 19.09.2016 18:55

Айыл турмушу: Жүзүмдүн 17 түрүн өстүргөн кызыл-кыштактык А.Нишанов аларды жалбырагынан айырмалайт (фото)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Абдунасиржон Нишановдун короосунан жүзүмдүн 17 түрүн кездештирүүгө болот. Ата кесибин аркалаган багбан жүзүмдүн 50 түрүн өстүрүүгө ниет кылууда. Бул тууралуу ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Абдунасиржон мырза талыкпаган эмгек гана адамды ийгиликке жеткире турганын белгиледи.

«Үйдүн алдында 6 сотых жер бар. Ал жерге бир топ жыл мурун жүзүмдүн түрдүү сортторун өстүрүп баштагам. Жүзүмдү бир адам өстүрө албайт. Мага үй-бүлөм жардамчы болот.

Алгач күз айларында жүзүмдүн көчөтүн отургузабыз. Ал кышы менен жерде жатып тамыр алып калат. Жерди семиртүү үчүн малдын кыгын пайдаланабыз. Ар бир жүзүмдүн алдына ташталган кык нымдуулукту жакшы кармап берет. Өзбекстандык дыйкандар кышкысын жүзүмдү жылуулап чыгат. Бизде ар бирин ороп чыгууга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан Өзбекстанга салыштырмалуу 15 күнгө кеч мөмө байлайт.

Биздин короодо учурда жүзүмдүн 17 түрү бар. Өзбекстанда жүзүмдүн 187 түрү бар экен. Мен дагы 10 түрүнө буюртма берип койдум. Буюрса жүзүмдүн түрүн 50гө жеткирүүнү пландап жатам», - деди ал.

2

Багбан жүзүмдөрдү бири-биринен жалбырактарынан айырмалайт.

«Жүзүмдү жаш баладай карабасаң куурап калат. Алгач көчөтүн отургузгандан кийин эле жип менен жогору карай байлап чыгабыз. Жерде жатып калса мөмөсү чоңойбойт. Жүзүмдүн түрлөрүн жалбырактары аркылуу жана мөмөсү бышканда даамдап көрүп айырмалайбыз. Көчөтү тигилген жүзүм 4 жылдан кийин түшүмүн берип баштайт», - деп кошумчалады.

Абдунасиржон Нишанов берешендиги менен айырмаланат. Ал өстүргөн жүзүмдөн той өткөргөн жакын санаалаштарына, коңшу-колоңдоруна акысыз берет.

Кошунасы Сайитмурат Тажидинов учурда багбандан жүзүм өстүрүүнүн сырларын үйрөнүп жатканын кошумчалады.

«Мен бул жерге көчүп келгениме аз убакыт болду. Кошунабыздын жүзүмү башкаларга салыштырмалуу таттуу», - деди ал.

Абдунасиржон мырзанын короосунан жүзүмдөн сырткары гүлдүн түрүн, кулпунай, гилас кезиктирүүгө болот. Жубайы короону гүл бакчага айландырып, анда эс алууну жактырат. Үлгүлүү үй-бүлөнүн негизги кирешеси жүзүмдөн түшөт. Учурда жылына 2 тоннага чейин жүзүм алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×