Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 26.09.2016 08:59

Айыл турмушу: Ошто сейрек кездешкен «кемпир» жана «кемпир курсак» коондорунун кардарлары арбын (фото)

Turmush -  Ош шаарында 2 жылдан бери «кемпир» жана «кемпир курсак» коондорун сатып алуучулардын саны арбып жатат. Бирок, бул коонду базарлардан көп кездештирүүгө болбойт. Алар узак мөөнөткө туруштук бере албагандыктан дыйкандар көп өстүрө беришпейт. Үзүлгөнүнө 3 күндөн ашканда соолуп, сапатын жоготкондуктан дыйкандар чыгымга учурап калуусу толук мүмкүн.

Кара-Суу районунун Жаңы-Маданият айылындагы дыйкан Абдибайит Сыдыкбаев көп жылдардан бери коондун түрлөрүн өстүрөт. Дыйканчылыктын сырларын мыкты өздөштүргөн дыйкан билгендерин Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Дарбыз эккендерге салыштырмалуу коон эккендердин түйшүгү оор. 15 күндөн кечиктирбей дарысын берип туруу керек. Бир же эки күн өтүп кетсе да дароо курт түшүп кетет же соолуй түшөт. Коон эккен дыйкандарга суу маселе жаратпайт. Анткени коонду көп сугарса даамы жоголот. Пайдасын жакшы эле тапканым менен чыгымга учураган учурлар көп эле болот. Элде буга чейин “кемпир коон” тууралуу маалыматтар жок болчу. Акыркы убактарда ага кызыккандар көбөйдү. Билгендер үйгө чейин издеп келүүдө», - дейт дыйкан.

Аталган коон 100 күндүн аралыгында бышып, бир даанасынын баасы 150 сомдон 200 сомго чейин жетет. Башка коондордон айырмаланып даамдуу жана өтө жумшак. Мындан улам “кемпир коон” деп аташат. Коондун бул түрүн дыйкандар өздөрү гана сатпаса, ортомчулар көп кызыга беришпейт. Анткени, сырткы кабыгы да жумшак болгондуктан өтө кылдаттыкты талап кылат. Эгер аны сатуу керек болсо, сабагынан үзүлгөндөн кийин, көлөкө жерде гана сактоо талап кылынат.

«15 жылдан бери коон алып, кайра сатам. Бул аралыкта үй жана автоунаа алганга да жетиштим. Атам да бул тармакта иштеген. Ар дайым “коонду нан катары пайдаланса болот” деп айтчу. Дарбыз тамакты сиңирип жиберсе, коон курсакты ток кармайт. Алгач бул ишти баштаганда бир топ зыян тарткам. Көрсө сырын билбептирмин. Коон өтө кылдаттыкты талап кылат. Сабагынан үзүлгөн коондордун эң узагы 20 күнгө чейин чыдайт. Ал эми “кемпир коонду” сатпайм. 3 күнгө чыдай турган коонду сатып түгөтө албай калышым мүмкүн. Чыгымга учурап калуудан корком. Сурагандар көп, бирок базардагылар "кемпир коонду” сатуудан чоочулашат», - дейт коон сатуучу Буалима Акматова.

Коон сатып алуучулар үчүн:

Дарбыздын салмагы жеңил болсо ичи жакшы бышкан болот. Ал эми коон тескерисинче. Оор салмактуу коондор даамдуу болот. Ошондой эле иммунитетти көтөрүп, нерв системасынын жакшырткандан тышкары тырмак жана чачтын түбүн бекемдейт. Мындан сырткары медицинада аз кандуулук менен ооругандарга гемоглобинди көтөрүү үчүн дары катары сунуштап келишет.

Учурда Ош шаарында коңшу өлкөлөрдөн ар кандай сорттогу коондор ташылып келүүдө. Дыйкандардын айтымында, коондун 15тен ашуун сорттору бар. Бирок, кээ бир коондорго бир эле сортто болгонуна карабай ар кайсы аймактардын аттарын коюп алгандар бар.

- Доллар — сызыкчасы бар коондор;

- Полторашка — 50 сантиметрдин тегерегиндеги коондор;

- Көкчө — көк түстөгү коондор ;

- Коробка — жашыл түстөгү жакшы быша элек коондор. Үзүп, күнгө коюп койсо бат эле саргайып бышат;

- Кемпир коон — өтө жумшак жана даамдуу;

- Кемпир курсак — лимон сыяктуу, көлөмү орточо жана сызыктуу келет.

Мындан сырткары аймактардын аталышына карап, Шамалды-Сай, Отуз-Адыр коондору болуп аталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×