Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуНоокат району 27.09.2016 19:22

Айыл турмушу: Ноокаттык ата-бала картошка казуучу кичи трактор ойлоп тапты (фото, видео)

Turmush -  Ноокат районундагы Көтөрмө айылынын тургуну Мухаммед ажы Исранов уулу Динислам менен картошка казуучу жабдык ойлоп табышты. Дыйкандардын түйшүгүн жеңилдеткен усталарга учурда буюртма бергендердин саны арбын. Бул тууралуу алар кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Динисламдын айтымында, картошка казуучу трактор унаалардын колдонуудан чыгып калган тетиктеринен куралды.

«Атам көп жылдан бери темир уста болуп эмгектенет. Мен атамдын оң колумун десем болот. Бир ишти баштоодо дайыма атам экөөбүз кеңешебиз.

Картошка казуучу тракторду керектөөдөн чыгып калган тетиктерден курап жасадык. Трактордун дөңгөлөктөрү "Жигули" унаасына таандык болсо, матору генератордуку. Артында атайын казууга ыңгайлашкан темирлер орнотулган. Бул трактор өтө үнөмдүү, саатына 1 литр бензин жейт. бир саатта 10 сотых жердеги картошканы казат. Бир күндө 60-70 сотых жердеги картошканы казып алууга мүмкүнчүлүгү бар», - деди ал.

Ар бир иштин өзүнө жараша түйшүгү болот. Бул тракторду ойлоп табуу идеясы муктаждыктан улам пайда болгон.

«Трактор жасоо үчүн алгач интернеттен маалымат алдык. Алгач жакшы каза албай, андан улам өзгөртүүлөрдү киргиздик. Азыр буюртма менен картошка казып жатабыз. 1 сотых жер үчүн  20-25 сом акы алабыз», - деди Динислам.

Алардын кошунасы Гапар Мукуш уулу буга чейин айылдыктар үчүн картошка казуу түйшүктүү иш болуп келгенин кошумчалады.

«Биздин эл дыйканчылык менен алектенебиз. Жылда ат менен картошка казып кыйналчубуз. Бул техника чыккандан бери кыйынчылыктар артта калды. Учурда трактор казып кеткен даяр картошканы жыйнап алабыз. Мен дагы мындай трактор сатып алууга кызыгып жүрөм. Устанын колу бошосо жасап берүүнү суранам», - деди Г.Мукуш уулу.

Динислам Мухаммед уулу учурда 20 жашта. Келечекте айыл турмушуна керектүү жабдууларды ойлоп таап, элге кызмат кылууна көздөйт.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×