Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 27.09.2016 19:17

Айыл турмушу: Оштогу Кол өнөрчү көчөсү атадан балага өткөн устачылык өнөрдүн ээлерине бай (фото)

Turmush -  Сулайман-Тоонун түндүк тарабындагы Кол өнөрчү көчөсүнүн жашоочулары атадан балага өткөн устачылык өнөрдү аркалап келет. Көчөнүн аталышы да буга байланыштуу.

Бул көчөдөн жагач, темир усталарды, наабайчы, тандыр куруучуларды жана башка кол өнөрчүлөрдү табууга болот.

Таланттуу усталардын бири — 20 жаштагы Абдулазиз Эгембердиев. Анын ата-бабалары жыгач устачылык менен алектенген.

«Атабыз жыгач уста болгон. Учурда агам бешик жасап, мен ал бешиктерди сатам. Экөөбүз тең бешик жасап отурсак убакыттан уттурабыз. Андыктан бирибиз жасап, экинчибиз сатып өткөрөбүз», - деди Абдулазиз.

Сатуучулук, устачылык менен алектенүүнү уулдарына бөлүштүрүп берүү дагы атанын милдети. Бул милдеттерди уулдарынын мүнөзүнө, жөндөмүнө карап беришет.

«Мен адамдар менен бат тил табышкандыктан сатуучулук милдетин алгам. Кардарлар менен мамиле кылуу жана алардын көңүлүн таба билүү менин колумдан келет. Агам оор басырыктуу болгондуктан устачылык өнөр ага ылайыктуу», - деди А.Эгембердиев.

Алар жасаган бешиктер арзан баада сатылат. Устакана үйүндө жайгашкандыктан ижара акысын төлөө маселеси жаралбайт.

Учурда бир бешиктин баасы 1 миң сомдон 1800 сомго чейин. Андан артып калган майда тактайлардан балдар үчүн оюнчук бешиктерди да жасап коюшат. Оюнчук бешиктерди кардарлар 300-400 сомдон сатып алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×