Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 29.09.2016 15:14

Айыл турмушу: 18 жаштагы наабайчы Ж.Ормонов 200 граммдан тарта 1 килограммга чейинки нандарды бышырат (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 18 жаштагы тургуну Жавохир Ормоновду бир нече жылдан бери наабайчы катары таанышат. Учурда наабайчы күнүнө 250 сомдон 500 сомго чейин каражат табат.

«Биздин наабайканада 4 киши иштейбиз. Айрымдарыбыз үчүн наабайчылык атадан калган өнөр болсо, айрымдар үчүн жумушсуздуктун айынан өздөштүргөн өнөр. Нан бышыруу үчүн да өзүнчө шык керек. Мисалы, биз нандардын бетине ар түрдүү гүлдөрдү түшүрөбүз, кээде кардарлардын буюртмасына жараша алардын ысымдарын жазып беребиз», - деди Жавохир.

Нан башкы тамак болгону менен айрым күндөрү бышырылган нандар толук сатылбай калат. 

«Кыргызстанда нан жакшы сатылат, бирок биздин жумуштун да сезону болот. Мисалы, жаз айларынан жай мезгилинин июль айына чейин нан көп сатыла бербейт. Андан улам айрым учурда чыгымга учурап калабыз. Мисалы бүгүн бышкан нан толук сатылбай калса, эртең 2-3 сомго арзан сатып, унга кеткен каражат акталбай калат. Ал эми, күз мезгилинде нан жакшы сатылат», - дейт наабайчы.

Наабайчылар элди нан менен камсыз кылуу үчүн түнкү саат 02:00дөн тарта иштеп башташат.

«Эртең менен нан жакшы сатылат. Ошондуктан эл ширин уйкуда жатканда, биз жумушубузду баштайбыз. Азан айтылган учурда нандын биринчи партиясы бышып, даяр болот. Саат 06:00дөн тарта дүкөндөргө, нан алуучуларга тарата баштайбыз», - деди Жавохир.

Жавохир 200 граммдан тарта 1 килограмм салмакка чейинки нандарды бышырат. 1 кап ундан 400 даана нан бышырылат, деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×