Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 04.10.2016 13:43 Жаңыланды: 04.10.2016 13:44

Айыл турмушу: «Мыкты мугалим» аталган 28 жаштагы М.Музулманов Оштогу эң чоң мектептин директору (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы эң чоң заманбап типтеги №52 орто мектептин директору Мелис Музулманов жаш экенине карабай мугалимдик кесиптин, талыкпаган эмгектин арты менен бир топ ийгиликтерди багындырып келет. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылында өскөн. 2014-жылы «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын Ош шаардык турунда жеңүүчү деп табылып, жеңил унаа утуп алган.

Анын мугалимдик кесипти аркалап калуусуна бир тууган эжеси себепкер болгонун Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.  

«Биз мектепти аяктаган кезде юрист, экономист, туризм боюнча кесиптер өтө популярдуу болчу. Мен дагы англис тилин үйрөнүп, котормочу, журналист болууну самачумун. Бир тууган эжем, "кыргыз филологиясын бүтүп деле журналист болсоң болот" деп мени филфакка алып барган. Жогорку окуу жайда мугалимдик кесипти өздөштүрүүмө Ташболот агайымдын салымы өтө чоң болду», - деди ал.

Түмөн түйшүктүү, ардактуу кесипти аркалап, балдарга билим үрөнүн сепкен мырза 27 жашында мектеп директору болууга жетишкен. Мелис мырза ийгиликтеринин артында сыйлаган агай-эжейлери жана достору колдоо көрсөтүп тургандыгын айтты.

Ал Алишер Навои атындагы мектебинде жалгыз агай болгон.

«Жандооч кийик аттырат дегендей, жаныңда колдогон адамың болсо көптөгөн ийгиликтерди багындыра аласың. Менин мугалимдик кесипти аркалап келе жатканыма быйыл 7 жыл толду. 3-курсумда мугалимдик тушоом кесилип, 11-класстарды «Призма» окуу борборунда жалпы республикалык тестирлөөгө даярдачумун. Андан кийин шаардагы №18 А.Навои мектеп-гиназиясында мугалим болуп эмгек жолумду баштадым. Жогорку окуу жайды жаңы аяктаганыма карабай аталган мектепте директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалдым. Мага ишенип, колдоо көрсөткөн мектеп директору Турдайым эжекеге, Кыял Акматов агаларыма ыраазычылык билдирем. Ушул даражага жетүүмө алардын эмгеги чоң.

2014-жылы Ош шаарындагы мугалимдер арасында өткөн "Жылдын мыкты мугалими" сынагына катышып, баш байгеге жана жеңил унаага ээ болгом. Бул мен үчүн эң чоң жетишкендиктеримдин бири болду. 27 жашымда эмгегимдин арты менен мектеп директору болдум», - деди М.Музулманов.

28 жаштагы М.Музулманов учурда 1330 окуучу билим алган №52 мектептин директору. Үй-бүлө күтө элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×