Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуНоокат району 05.10.2016 09:42

Айыл турмушу: Ата кесибин улаган М.Исранов уулу менен жабдыктарды ойлоп таап, үнөмдүү мештерди курат (фото, видео)

Turmush -  Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн тургуну Мухаммедали Исранов жаш кезинен бери устачылык менен алектенет. Ал карапайым элдин турмушун жеңилдеттүү максатында алманын көчөтүн отургузуучу, чөп чабуучу жабдыктарды ойлоп таап, үй жылытуучу мештерди жасайт.

Анын айтымында, устачылык өнөр атасынан өткөн.

«Атам жыгач уста болгон. Мен дагы атамдын жолун жолдоп, устачылыкты үйрөндүм. Жыгач менен, темир менен иштейм. Жаш кезимде оор жүк ташуучу унааларды айдап жүрдүм. Эми ата кесибим болгон устачылыкты колго алдым.

Быйыл эң кичүү уулум Динислам менен чөп чабуучу, картошка казуучу кичи трактор ойлоп таптык.

IMG-20161004-WA0103

Биздин айылда бак тиккен модага айланып бара жатат. Ошол себептүү ар бир үйдө бак бар. Агам бир күнү "алманы отургузайын десем жерди казганга эле жарым саат убакыт кетип жатат" деди. Андан улам тракторго бургулоочу жабдык орнотуп бердим. Азыр алманы отургузууга аз убакыт короп калды. Биз элдин турмушун жакшыртуу максатында дагы жаңы нерселерди жаратууга аракет кылып жатабыз», - деди уста.

Мухаммедали мырза учурда 5 бөлмөнү бир заматта ысытуучу, үнөмдүү мештерди куруу менен алек.

«Азыр меш куруудан кол бошобой жатат. Биз курган мештер күнүнө 15 кг көмүр менен үйдүн ичин толук жылыта алат. Аларды 15 миң сомго жасап берем. Бул айыл эли үчүн ыңгайлуу», - деди М.Исранов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×