Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуНоокат району 06.10.2016 17:15

Айыл турмушу: Ноокаттык А.Муратов 38 жылдан бери алманын түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Жийде айылынын тургуну Абдывахап Муратов 38 жылдан бери багбанчылык менен алектенет. Ал агроном кесибине Россиядан ээ болуп келген.

«Мен кичине кезимден тартып багбанчылык, токойчулукка кызыкчумун. Мектепти аяктагандан кийин Санкт-Петербург шаарынан агрономия боюнча жогорку билимге ээ болгом. 1978-жылдан тартып айылда бак тигип, багбанчылык менен тиричилик өткөрөм.

Ноокатта өсүмдүктүн бардык түрүн кездештирүүгө болот. Менде алманын «алтын грим», «семеренко», «кыргыз кандили», «мрамор», «жанат алма», «крипсон», «бий алма» деген түрлөрү бар. Алманын түшүмү өлкөнүн аймактарына сатылат. Чет өлкөлөргө экспорттоо үчүн узак мөөнөттүү насыя берилсе жакшы болмок. Мисалы мал чарбачылыгына 25 жылдан бери узак мөөнөттүү насыялар берилет», - деди ал.

Абдывахап мырза чет өлкөлүктөргө түшүнүктүү болушу үчүн кечээ, 5-октябрда Ош шаарындагы «Алтын күз» жарманкесине алмалардын аталышын 7 тилде жазып келген.

Бул иш-чарага катышкан Караташ айылынын тургуну Абдышүкүр Жетимишов 18 сотых жерден жылына 10 тонна алма алат.

«15 жылдан бери алма өстүрөм. Акыркы убактарды багбанчылыкка көпчүлүгү кызыга баштады. 18 сотых жерде 100 түп алмам бар», - деди А.Жетимишов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×