Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 07.10.2016 09:36

Айыл турмушу: 60 жаштагы Кимсанай апа 20 мүнөттө 6 кг пахта терет (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын 60 жаштагы тургуну Кимсанай Исраилова пахта өстүрүп тапкан киршесине уулдарын үйлөнткөн. Аймактык кабарчы дыйкан энеден кабар алды.

Анын айтымында, негизги кирешеси пахта өстүрүү.

«Биз өмүр бою пахта өстүрүп зыян тартпай жашап келе жатабыз. Ушул пахта менен бала-чаканы чоңойтуп, үйлүү-жайлуу кылып жатабыз. Мен уулдарымды «ак алтындан» тапкан пайдама үйлөндүргөм. Мындан башка киреше тапчу ишибиз да жок. Биз үчүн пахта талаасы өзү — Россия», - деди Исраилова.

Дыйкан эне пахта терүүдө кошуналар бири-бирине жардам берише тургандыгын кошумчалады.

«Пахта жыйноого коңшу-колоңдор менен биргеликте чыгабыз. Бири-бирибизге жардамдашабыз. Жалгыз терсең ишиң арыбайт. Бул иш өзүнчө рахат тартуулайт. Анткени чер жарыша сүйлөшүп, ырдап шандуу иштейбиз. Ак алтын терүү үчүн бир ай башта үй жумуштарын бүтүрүп, жеңи узун көйнөк алып, фартук жасап даярдык көрөбүз», - деди ал.

1 гектар жерге эгилген чигиттен 4 тонна пахта алса болот.

«Пахтаны апрель айында эгип, октябрь айында жыйнап алабыз. 1 гектар жерге 40 кг чигит эгип андан 4 тонна пахта алабыз. Пахта эгип чыгымга учурабайсың. Пайда таппадым деген учурда жок эле дегенде кеткен чыгымды актайт. Мындан сырткары өзөгүн отун катары сатабыз», - деди дыйкан.

Кимсанай апа 20 мүнөттө 6 кг пахта терет. Коңшулары менен биригип 1 гектардагы пахтаны 2 күндө терип бүтүрүшөт. Андан сырткары коншулары менен биригип башка айылдаштарынын пахталарын 1 килосун 5 сомдон терип беришет.

Учурда 1 кг пахтаны 43 сомдон сатышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×