Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 24.10.2016 18:20

Айыл турмушу: Баткендик студент К.Эркинбек кызы чеберчилик өнөрү менен киреше табууда (фото)

Turmush -  Баткен облусундагы Кадамжай районунун тургуну Кундуз Эркинбек кызы апасынын жолун жолдоп чебер. Жаш кезинен чеберчиликтин сырын өздөштүргөн Кундуз учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде дизайнерлик кесип боюнча билим алууда. Ал окуусу менен бирге түрдүү баштыктарды тигип сатып, күнүмдүк турмушуна каражат таап жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Апамдын жолун жолдоп дизайнерлик боюнча билим алып жатам. Азыр кыздарга түрдүү аксессуарларды, кооз баштыктарды тигип сатам. Кыргыз орнаменттери түшүрүлгөн баштыктарга кардарлар көп болот. Заман талабына ылайык кийимдерди да ойлоп табууга аракет кылам. Өткөн жылы авангард стилиндеги көйнөктөр топтомун тигип чыккам. Келечекте мыкты дизайнер-стилист болууна каалайм», - деди К.Эркинбек кызы.

Окуу менен жумушту бирге алып келе жаткан Кундуз баштыктарга керектүү кездемелерди Бишкек шаарынан алдырып келет.

«Чеберчилик өтө майда иш. Сабырдуулукту талап кылат. Мен күнүнө 2-3 баштык жасоого жетишем. Учурда баштыктардын баасы 200-500 сомго чейин болууда. Буюртма менен гана тигем», - деди жаш чебер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×