Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 28.10.2016 18:49

Айыл турмушу: Короосун анарга толтурган аравандык багбан А.Жолдошев ар түбүнөн 60-70 кг түшүм алат (фото)

Turmush -  Араван районунун тургуну Авазбек Жолдошев 7 жылдан бери анар өстүрөт. Ал бала чактан дыйканчылык менен алектенип келгендиктен багбанчылыктын сырын өздөштүрүү кыйынга турган эмес. Анардын ар бир түбүнөн 60 кг ашык түшүм алган багбан ийгилигинин сыры менен бөлүштү. Анар деле башка өсүмдүктөр сыяктуу камкордукка муктаж, дейт багбан.

«Анардын көчөтүн ноябрь айларында отургузуп баштайбыз. Ал кышы менен тамыр алып, жазга чейин отурукташып калат. Нымдуулукту жакшы сактоо үчүн ар бир түбүнө 2 челектен малдын кыгын салып чыгабыз. Бул жылуулук менен нымдуулукту кармап турат. Анар башка өсүмдүктөргө караганда түшүмүн эрте берет. 2 жылда түшүм алууга болот. Биз жерди семиртип, түшүмүн жакшы алуу үчүн химиялык дарыларды кошпойбуз. Жер семиртүүчү дарылар тамырын бат кургатып, дарак тез эле картайып калат. Малдын кыгы булар үчүн чоң азык болот», - деди ал.

Авазбек мырзанын короосунан анардын эрте бышкан түрүнөн тарта кышка чейин түшүм бергендерин кездештирүүгө болот.

«Бизде анардын эл арасында кайнама, кызыл, ак, даны ширин, ачык деп аталып жүргөн түрлөрү бар. Кайнама анарынын кабыгы калың болуп, кышка чейин түшүм берет. Ал эми кызыл, ак анарлардын кабыгы жука, бирок даны көп болот. Учурда биз өстүргөн анарлардын чоңдорунун салмагы 800-900 грамм болуп жатат. Анар жакшы киреше алып келет. Бир түбүнөн эле 60-70 кг анар алууга болот», - деди багбан.

Жыл сайын анардын ар бир түбүнөн 10дон ашык көчөт алууга болот. Анарлар 4-5 жыл жакшы түшүм берип, андан кийин түшүмү азая баштайт. Багбандар убагында бутап, куурагандарын кыркып, жаш бутактардын өсүшүнө шарт түзүп турат.

Авазбек Жолдошев өстүргөн анарларды жергиликтүү соодагерлер үйүнөн алып кетишет. Казакстандан, Бишкек шаарынан да буюртма бергендер бар.

Авазбек мырза учурда 44 жашта, 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×