Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 01.11.2016 18:37

Айыл турмушу: Даярдалган кофеге сүрөт тарткан Д.Ысаков Россиядагы мыкты бармендерди артка калтырган (видео)

Turmush -  Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Данияр Ысаков даярдалган кофеге ар түрдүү сүрөттөрдү өзгөчө чеберчилик менен тартат.

1

IMG-20161101-WA0121

Ал Россиядагы эң мыкты ресторандардын бармендери катышкан кофе бетине сүрөт тартуу сынагында 2013-2014-жылдары 1-орунду ээлеген. Жаш кезинен сүрөт тартууга кызыккан каарманыбыз өнөрүн кофе аркылуу тартуулап жатат. Талант менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

«Бала кезимде сүрөт тартууга кызыкканым менен жашым өткөн сайын ал жөн гана хобби болуп калды. Мен да эл катары 2010-жылы мигрант болуп иштегени Москвага бардым. Көрүнүктүү кафелердин бирине бармен болуп ишке киргем. Досум кофеге сүрөт тартып калчу. Аны көрүп мен да дароо өздөштүрүп кеттим. Бат үйрөнүп кетишиме сүрөт тартууга болгон кызыгуум себеп болду.

IMG-20161101-WA0143

Мен иштеген мекеменин Россия боюнча кеңселери көп болчу. Ал жактан облустардагы эң мыкты бармендер үчүн сынак уюштурулду. Алгач мыкты 30 бармен тандалды. Сынактардын негизинде анын арасынан 12 бармен алдыга оозуп чыкты. Ал 12 бармендин арасынан күчтүү болуп чыгуу үчүн тынымсыз машыгып, интернеттен көрүп үйрөнүп жаттым. Жыйынтыгы мен ойлогондой чыгып, 1-орунду ээледим», - деди Данияр.

IMG-20161101-WA0126 2015-жылдан тартып өздөштүргөн кесибин Ош шаарына келип өркүндөтө баштаган. Буга чейин канаттуулардын, өсүмдүктөрдүн сүрөттөрүн түшүрсө, эми адамдын элесин түшүрүүнү өздөштүрүп жатат.

«Маанайым жакшы учурда ар кандай сүрөттөрдү тарта берем. Алгачкы ирет кардар болуп келгендерге милдеттүү түрдө кооздолгон кофелер сунушталат. Бул эмгегимди чет өлкөдөн келген коноктор абдан баалашат. Ал тургай таң калганын да жашырбагандар кездешет. Ал эми жергиликтүү тургундар көңүл кош карашат. Көңүлдөрү жакшы болсо чогуу сүрөткө түшүп кетишет», - дейт ал.

Даниярга даярдалган кофеге сүрөт тартуу үчүн 1-2 мүнөт гана жетиштүү. Бул эмгеги үчүн кошумча акы албайт. Ошентсе да кардарларга жагымдуу маанай тартуулоо үчүн болгон аракетин жумшап, изденүүнүн үстүндө.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×