Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 03.11.2016 10:54

Айыл турмушу: 26 жаштагы Ж.Асанова аз убакыттын ичинде уз-чебер катары таанылып, 10 жумуш орунун түздү (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну Жумагүл Асанова аз убакыттын ичинде айымдар арасында таанымал болуп чыга келди. Ал сапаттуу чапандарды, кемселдерди арзан баада тиккендиктен, аны издегендердин саны арбын. Жеке ишкердикти жаңыдан баштап жаткан Жумагүл айым модалуу чапандардын түрлөрүн тигет.

«Чебер болууну көздөп 3 жыл билим алдым. Колумдан эмне келээрине өзүм да кызыга берчүмүн. Оюма келген кийимдерди тигип көрдүм.

Чапандар жаңыдан модага айланып жатканда Бишкектен Ошко абдан кымбат баада келген. Ал баа элдин капчыгына ылайык эмес болчу. Тааныштарымдын айтымында, сапаттуу чапандар 8-10 миң сомдон сатылып жаткан. Ошол учурда эжеме өзүм чапан тигип берип, өтө кубанганын байкадым», - деди ал.

Улуттук кийимдерди өз алдынча тигүүнү көздөгөн Жумагүл май айынан тартып кемселдерди тигүүгө кирише баштайт. Өзү дин жолунда болгондуктан узун көйнөктөрдү жана жабык кийимдерди арзан баада тигип, сатыкка койгон. Аз убакыттын ичинде кардарларынын саны арбып, буюртмалар көбөйгөндө айымдарды жумушка алган.

«Бизде тигилген кемселдер дүң баада арзан сатылат. Күз мезгилинен тартып чапандарды тиге баштадык. Мезгилге жараша кийимдер тигилип жатат. Мени кубандырганы өзүбүздүн унутта калып кеткен чапандардын жанданганы болду. Бул демилгени мен сыяктуу ишкерлер колдоого алып, жайылтууга көмөк көрсөтүп жатабыз», - деди чебер.

Бир чапан 1400-1800 сомго чейин бааланат. Учурда Жумагүл айымдын тигүү цехинде 10дон ашуун кыз-келиндер иштейт. Алар 3 күндө 30га чукул чапан тигет.

«Жаш ишкерлер ишин жаңы баштаганда эле салык кызматкерлери келет. Жумушту бир калыпка салганча бизге убакыт берсе болмок. Мени бул маселелер кыйнап жатат», - деп кошумчалады ишкер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×