Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуАлай району 05.11.2016 16:28

Айыл турмушу: Гүлчөлүк К.Шарипбеков райондо алгачкылардан болуп бактылуу мүнөттөрдү тасмага тартуучу студия ачты (фото)

Turmush -  Алай районундагы Гүлчө айылынын тургуну Канат Шарипбеков айылына алгачкылардан болуп тойлордогу бактылуу мүнөттөрдү тасмага тартуучу студия ачты. Учурда райондогу бардык маданий иш-чаралардын уюштуруучулары ага кайрылышат.

Канат мырзанын бир күндүк убактысынын жарымынан көбү чыгармачылык менен өтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди. Жаштардын бактылуу мүнөттөрүн камерага түшүрүп калууну көздөгөн Канат мырза бул кызматын 8 жыл мурун баштаган.

«Мен кичинекей кезимден бери эле кинотасма тартууну кыялданчумун. Азыр кыялдарым акырындап өз ордун табууда. Мындан 8 жыл мурун райондо той-топурларды тасмага тарткандар аз болчу. Алар да жашы улуу агалар эле. Жаштардан алгачкылардан болуп мындай кызмат көрсөткөн мен болдум. Алгач ар кимдин камерасын сурап тойго чыкчумун. Тажрыйба алгандан кийин социалдык роликтерди тартууга кызыгып калдым. Бир убактарда кино тарткым келип, "Ташбоор тагдыр" деген аталышта кыска метраждуу тасма тарттым. Өзүм сценарий жазып, башкы каарманды дагы өзүм аткаргам», - деди ал.

Идеяга бай, таланттуу мырза сүрөтчүлүк өнөрү менен да күйөрмандарын тапканга жетишкен.

«Жаратылыш менин жан дүйнөм. Фотоаппарат аркылуу жаратылыштын билинбеген сулуулугун тартып, элге жеткиргим келем. Табиятты сүрөткө тартуудан рахат алам. Күнүнө болгону 4-5 саат гана уктаганга жетишем. Чыгармачылыктын артынан уйкусуз түндөр көп болот. Быйыл жаратылыштын эч ким билбеген сырын ачып берген социалдык роликтерди тартууну пландап жатам», - дейт Канат.

Канат интернетте миллиондогон көрүүчү топтой алган «Күйөөсү аялын кантип сынады?» ролигинин автору. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын кенжеси. Учурда 26 жашта, 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×