Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.11.2016 16:41

Айыл турмушу: Балык баккандан бери кант диабети деген ооруну унуттум, - фермер О.Топчубаев (фото)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Жаңы-Маданият айылынын 47 жаштагы тургуну Орозмат Топчубаев 2 жылдан бери балык багууну өздөштүрүп жатат. Аймактык кабарчы балыкчы менен таанышты.

Анын айтымында, балыктарды кайын журтунун таасири менен бага баштаган.

«Жубайымдын туугандары балык бизнеси менен алектенишчү. Аларды көрүп, айыл жергесине биз да балык кармасак болооруна көзүм жетти. Кызыгуум артып, көлмө жасап, агын суунун багытын бурдук. Арык аркылуу келген суу бизге жеткиче эле булганып калат. Андан улам көлмөгө киргенге чейин сууну фильтрлөөчү жабдык орнотуп, керектүү шарттарды түздүк»,- деди ал.

Фермер балыктын сазан, ак амур, карп түрлөрүн багат. Жайдын күнү балыктарга жыландар, күзүндө чулдуктар кол салат. Аларга жем кылбай коруп, кышында суунун үстүнө тоңгон муздарды жарып турат. Балык багуу түйшүктүү иш болгону менен, ошол эле учурда эс алуу тартуулайт.

Орозмат мырза мындан бир нече жыл мурун кант диабети менен ооругандыгын кошумчалады. Кабатыр болгондо оорусу күчөп, көзүнүн көрүүсү начарлай баштайт. Бул оорудан багып жаткан балыктары арылткан.

«Эртең менен ойгонгондо дароо балыктарга жөнөйм. Балык багылган көлмөгө таза суу кирип, экинчи жагынан чыгып турушу керек экен. Таңга жуук суу агып кирген жерге балыктар үймөлөктөшүп туруп алышат. Ал учурду көрүп туруу өзүнчө эс алуу тартуулайт. Жем чачкан убакта да алардын кыймыл-аракеттери бир башкача сезимдерди тартуулайт. Мен багып жаткан балыктар ар убакта жем жебейт. Марттан баштап сентябрга чейин камыш, беде жана башка чөптөрдүн түрлөрүн берем. Жем катары күн карама жана жүгөрүнүн талканын беребиз. Күз мезгилинен тартып ичине май топтошот экен. Сууга жалбырак түшкөндөн тартып жем жегенди токтотушат. Балык баккандан бери кант диабети деген ооруну унуттум. Коңшуларым жана айылдаштар каалаган убакта келип, балыктарды карап отурушат. Алар да эс алып калганын айтышат», - деди ал.

Фермер балык багуу менен үй-бүлөлүк бюджетти дагы толтурат. Балыктарды ооруларга чалдыктырбоо максатында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан текшерүүдөн өткөрүп, алардан кеңеш алып турат. Бул жылы 10 миң сомдон ашык каражатка 3 миңден ашуун балык сатып алды. Алардын салмагын 450 граммдан ашырып, ар бирин 200-250 сомдон сатат.

«Биздин айылда биринчилерден болуп мен балык бага баштадым. Мени көрүп балык багып, бизнес кылгысы келгендер көп. Айылдаштарым балык багып баштаса билгендеримди бөлүшүүгө даярмын. Мен балык чарбаны жаңы ачканда көп балыктарымды жыландарга жедирттик. Башкалар да мендей чыгымга учурап калуусун каалабайм», - деди ишкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×