Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 08.11.2016 17:49

Айыл турмушу: Оштогу жаш чебер Элиза 12 жашында кол өнөрчүлүктүн арты менен киреше таап баштаган (фото)

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Элиза Сейитмаметова жаш экенине карабай көйнөктөрдүн түрүн тигет. Чеберчиликке эрте аралашкан Элиза алгачкы эмгегин 5-класста жараткан. Аймактык кабарчы чебер кыз менен таанышты.

«Таенем, эжелерим дагы чебер. Мен да алардын жолун жолдодум. Кичинекей кезимде эле куурчактарыма өзүм кийим тигип берчүмүн. Апам да чебер болосуң деп калчу.

Мен 5-класста окуп жатканда биздин шаардагылар уюлдук телефондорду көтөрүп башташкан. Алгачкы жолу уюлдук телефондор салынуучу чакан баштыкчаларды жасап, шурулар менен кооздоп, аларды сатып киреше тапкам. 9-классты аяктагандан кийин дизайнерлик кесипти тандап, билим алдым. Учурда көйнөк тигүүгө басым жасайм. Курак менен иштегенди дагы жакшы көрөм.

Алгачкы жолу "Түстөрдүн симфониясы" деген аталыштагы коллекциямды чыгаргам.  Учурда буюртмалар аркылуу чапандарды, кечелерге кийилүүчү көйнөктөрдү, улуттук кийимдерди тигем», - деди Э. Сейитмаметова.

19 жаштагы Элиза кийим тигүү менен гана чектелбестен жыгачтардан, таштардан түрдүү вазаларды жасайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×