Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 08.11.2016 16:19

Айыл турмушу: 71 жаштагы Ш.Таабалдиев спорттогу ыкмалары менен жаштарды таң калтырууда (фото)

Turmush -  Аравандагы Кызыр-Абад айылынын 71 жаштагы тургуну Шакир Таабалдиев жаштар менен тең тайлаша спорт залда машыгат. Ал жаш кезинде спорт менен машыгып жүрүп, бирок кийинчерээк алыстап кеткен.

Сергек жашоого үндөгөн аксакал менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Мен кичине кезимден баштап спорт менен машыгып жүрдүм. Кийин турмуш тиричиликке байланыштуу машыгуу 15 жылдай токтоп калды. Эми убакыт табылып, кайрадан спортко кайттым. Карыганда спорт менен машыгуу өтө татаал болот экен. Бирок жаш кезимде машыгып жүргөндүктөн ийге келип, тез эле аралашып кеттим», - деди ал.

Шакир Таабалдиев учурда өзү жашаган Кызыр-Абад айылындагы спорт клубда машыгат. Ал жаш кезинде үйрөнгөн ыкмаларды колдонууда.

«Эркин күрөш менен аскерге барганда да машыктым. Аскерлер ортосунда эркин күрөш мелдешинде жеңүүчү болгом. Спорт адамды картайтпай, бетке бырыш түшүрбөй, сергек алып жүрөт», - деди Ш.Таабалдиев.

Анын ыкмаларын көргөн жаштар таң калуу менен карашат.

Ш.Таабалдиев 6 уул, 1 кыз жана 13 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×