Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу 08.11.2016 16:57

Айыл турмушу: 1-топтогу майып Г.Исаева таланттуу ырчы жана шырдак оюп, сувенирлердин түрүн жасайт (фото)

Turmush -  Гүлбарчын Исаева 1-топтогу майып экенине карабай талантын өркүндөтүү менен алек. Ал 14 жашында комузда күү чертүүнү өз алдынча үйрөнгөн. Мындан сырткары үй оокаттарына да тың.

Г.Исаева 1977-жылы Нарын облусунун Казан-Куйган айылында төрөлгөн. Тогуз айлык кезинде сасык тумоо менен ооруп, күчөп кеткен дарттын кесепетинен басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын айтат.

«Баса албагандыктан мектепте билим албай калдым. 3-класска чейин айрым мугалимдер үйгө келип билим берип жүрүштү. Мен курдаштарым мектепке барганга чейин эле өз алдымча тамга таанып калгам. Апамдын жардамы аркылуу сабатым жоюлган. Биздин бала кезибиз мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарт түзүлбөгөн убакка туш келди», - деди Гүлбарчын.

Каарманыбыз ар тараптуу болууну каалайт. Чоң сахнага чыгып, ырдагысы келгени менен ал тилектерин ишке ашыруу үчүн продюсер табуу керектигин айтат. Кароо-сынактарга катышып, кайрымдуулук концерттерде ырдап жүрөт. Ал ырчы катары таанылгысы келет.

2013-жылы «Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү» сынагына катышып, ал жактан майып жарандар менен таанышкандан бери жашоого болгон көз карашы өзгөргөн.

«Көрсө мен жалгыз эмес экенмин. Жашоону кадырлай билишибиз керектигин активдүү катышуучулардан байкадым. Алар менен пикирлешип жатып жашоону сүйүп өткүм келди. Ошол сынактан кийин позитивдүү ойлордун курчоосунда жашап, башкаларга үлгү боло турганыма көзүм жетти. Кандай болгон күндө да чөкпөй жашоо керек. Тагдырлаштарыма жолуккан жерде оптимисттик маанай тартуулап турам», - деди ал.

Гүлбарчын учурда ата-энеси менен бирге жашайт. Үй оокаттарына каралашып, шырдак оюп, кийизден сувенирлердин түрлөрүн жасайт. 6 айда бир ирет ооруканада жатып дарылоо курсунан өтүп турат. Ооруканада жаткандарга да жагымдуу маанай тартуулап, ооруларын аз убакытка болсо да унуттургусу келет.

«Өзүмдү ыр аркылуу алаксыткандыктан мыкты продюсерлер менен иштешким келет. Ырларымды дисктерге жаздырып, чоң сахнаны жандуу ырдап багындырууну каалайм», - деди Г.Исаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×