Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 08.11.2016 18:21

Эл ичи — өнөр кенчи: Кара-Суудагы иш-чаралар Г.Абдрахмановасыз өтпөйт (фото)

Turmush -  Кара-Суу районундагы иш-чаралар Гүлпиза Абдрахмановасыз өтпөйт. Комузда, аккордеондо кол ойноткон каарманыбыз өнөрлүү шакирттерди тарбиялоого да жетишкен. Шакирттеринин сап башында Азиз Батыров турат.

Г.Абдрахманова 1971-жылы Мады айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө эки бир тууган. Музыкага болгон кызыгуусу бала кезинен башталганын айтат.

«Агам аккордеондо ырдап калса, мен да ойногум келчү. Үйрөт десем, “кыздарга аккордеон черткенге болбойт” деп койчу. Анын сөзүнө ишенип, жөн гана ырдап жүрдүм. Ал тууралуу музыкадан сабак берген агайыма айтсам: “Кыздардан эч ким аккордеон чертпейт. Сен аккордеон менен ырдап чыксаң элге жаңылык болот" деп дем-күч берип койду. Ошондон тартып үйрөнүп, ырдап баштадым», - деди ал.

Ошондой эле, комуз менен ырдоо үчүн Болуш Мадазимовдон сабак алып, Эстебес Турсуналиев, Асек Жумабаевдин колунда тарбияланган. Устаттары залкар инсан болгонуна сыймыктанат.

«Үнүмдү Мыскал Өмүрканованын үнүнө окшоштургандар көп болду. Андан улам комузга басым жасап, ал тургай дастан айтууну өздөштүрдүм. Албетте, кыргыз залкарларынын тарбиясынын артында ушул даражага жеттим. Көптөгөн чыгаан инсандар менен чогуу гастролдоп жүрдүм. Бирок, аял киши үчүн үй-бүлө биринчи орунда турарын сезип, атактуулукту эмес үй-бүлөнү тандадым. Атактуу болууга кенен мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Бирок, бары каражатка келип такалды. Кыргыз элине өзүм тааныла албасам да, тааныла турган шакирттерди тарбиялайм. Мындай кадам менен дагы маданияттын өнүгүшүнө салым кошсо болот», - деди Г.Абдрахманова.

Кара-Суу районунун Эркин айылына турмушка чыккан таланттуу айым 2 кыз, 1 уулду тарбиялап жатат. Учурда райондук балдардын чыгармачыл борборунда дастан айтуу боюнча сабак берсе, мектепте музыкалык аспаптар ийримин жетектейт.

Анын жолун кичүү кызы Муслима Алимова жолдогон. Ал учурда 8 жашта. Жаш болгонуна карабай бир катар кароо-сынактарга катышты. Ошондой эле, 3 баласы тең комузду мыкты чертишет.

Г.Абдрахманова ырчы, комузчу жана дастанчылык өнөрү менен чектелбестен обон да жазат. Репертуарында 30дан ашуун ырлары бар, анын экөөнө клип тарттырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×