Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 10.11.2016 11:09

Айыл турмушу: Аравандык И.Калматов курманын 4 түрүн өстүрүп, билгенин жаштарга кошо үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Аравандагы Маданият айылынын тургуну Икрам Калматов курма өстүрүү менен алек. Ал курма өстүрүүнү 5 жыл мурун баштаган. Быйылкы түшүмүн сатып өткөрүп, курманы көбөйтүүнү пландап жаткан багбан менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

«2011-жылы курма өстүрүүнү жергиликтүү дыйкандардан үйрөндүм. Курма жаңы өстүрүлүп жатканда жаш бала сыяктуу камкордукту талап кылат экен. Жаңы өстүрүп жатканда кышкысын үшүккө алдырбайлы деп жылуулап карадык. 2 жылдык болуп калгандан кийин суукту тоготпой калат экен. Жакшылап бутап, суу берип турса эле түшүм бере берет», - деди багбан.

IMG-20161110-WA0007Калматов учурда курманын 4 түрүн өстүрөт.

«Учурда "шоколад", "ромашка", "лимон" жана "лепешка" деген түрлөрүн өстүрүп жатабыз. Курманын түрлөрүнө жараша кардарлары болот. Учурда "лимон" менен "шокалад" деген түрүнө кардар көп. Себеби алар жегиликтүү болот», - деди Калматов.

Багбан учурда 57 жашта. 3 уул, 1 кызы жана 5 небереси бар. Курма өстүрүүнү айылдагы жаштарга да үйрөтүп жатат.

Араван Ош облусундагы дыйканчылыкка эң ыңгайлуу аймак катары маалым. Райондо Кыргызстанда бышкан мөмө-жемиштердин дээрлик баардык түрү өстүрүлөт.

IMG-20161110-WA0009

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×