Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 15.11.2016 12:13

Айыл турмушу: Кара-кулжалык Н.Нолобекова декреттик өргүүсүн кооз ободокторду жасоо менен өткөрүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун тургуну Насыйкат Нолобекова декреттик өргүүсүн жаштар үчүн кооз ободокторду жасоо менен өткөрүүдө. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Ал өз сөзүндө кооз шурулар менен жасалган ободоктору өтө кымбат бааланбай турганын билдирди. Насыйкат айым кесиби боюнча эсепчи. Кызыгуунун, изденүүнүн арты менен өз алдынча ободок жасаганды үйрөнгөн.

«Менин эки балам бар. Азыр балдарымды карап үйдө отурганыма байланыштуу ободок жасап сатып жатам. Бул кирешелүү тармак экен. Үйдө кечке бош болом. Андан улам базардан түрдүү шуруларды сатып келип, интернеттин жардамында ар түрдүү ободокторду жасайм. Учурда жаштар гана эмес, улуу курактагы эжелер дагы буюртма берип жатышат. Ар бир кардардын табитине карап жасап берем», - деди ал.

Насыйкат Нолобекованын бул өнөрдү аркалап кетүүсүнө кошуналары түрткү болгон.

«Алгач өзүм үчүн гана түрдүү ободокторду жасап, тагып алчумун. Кошуналарым аларды каяктан алганыма кызыга беришчү. Өзүм жасаганымды айтсам таң калып, буюртма бере башташты. Акырындап кардарларым көбөйдү.

Ободоктор жазында көп сатылат. Андан улам кышы менен жаз, жай айларына карата көп ободокторду жасап, даярдап коебуз», - деди Н.Нолобекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×