Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуАлай району 16.11.2016 10:58

Айыл турмушу: Алайлык мугалим А.Таалайбек кызы теннис боюнча Оштогу айымдар арасында биринчи болууга жетишти (фото)

Turmush -  Алай районундагы Сопу-Коргон айылынын тургуну Абида Таалайбек кызы кичине кезинен бери стол теннисин ойнойт. Ыкчамдыкты талап кылган оюнда Ош шаарындагы аялдар арасында 1-ракетка болууга жетишкен. Ал аялдар арасында өткөрүлүүчү сынактарга үзгүлтүксүз катышып, байгелүү орундарды багындырып жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мектептен тарта стол теннисин ойнойм. Спорттун башка түрлөрүнө караганда теннисте жоопкерчиликти өз мойнуңа аласың. Жеңишке жетишсең да, жеңилип калсаң да өзүң себепкер болосуң. Теннис ойногондон тартып жоопкерчиликтүү болууга, шамдагайлыкка үйрөндүм.

Атам алгач каршы болду, анткени мени сабакты таштап коет деп ойлочу экен. Экөөнү тең бирдей алып кеткениме үйдөгүлөр ыраазы болуп, ар дайым колдоп келишет», - деди ал.

Абиданын чоң тенниске аралашканына 4 жыл болду. Талыкпаган эмгектин арты менен 4 жылда Ош шаарындагы аялдар арасында 1-ракетка болууга жетишкен.

«Мен теннистин 2 түрүн тең калтырбай ойнойм. Күн жылуу мезгилде чоң теннисти ойносом, кышта машыгууну токтотпоо үчүн стол теннисине басым жасайм. Экөө тең кыймылдуу оюндардын катарын толуктайт. Теннис ойногондо кадимкидей эс алып калам», - деди А.Таалайбек кызы.

Абида мындан ары да теннис боюнча сынактарга калтырбай катышууну көздөп жатат.

«Кандай гана мелдештер болбосун катышып турам. Быйыл Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен Кытай элчилиги биргеликте өткөргөн турнирде баш байгени алып, телефонго ээ болдум. Ошондой эле ушул жылдын 4-7-ноябрында өткөн стол тенниси боюнча республикалык турнирде 3-орунду камсыз кылдым», - деп кошумчалады.

Абида кесиби боюнча тарых мугалими. Учурда Ош шаарындагы №2 Карл Маркс мектебинде жана «Ыйман» гимназиясында тарых боюнча сабак берет. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү, бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×