Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 23.11.2016 18:28

Айыл турмушу: Р.Аланова Ошто алгачкылардан болуп өзгөчө формадагы тортторду жасап баштады (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Рахат Аланова таттуулардын түрүн жасайт. Алгачкылардан болуп Ош шаарынын тургундарына өзгөчө формадагы тортторду сунуштаган каарманыбыз бул жумушун 2012-жылы баштаган.

«Төрөгөндөн кийин үйдө бала карап отуруп калдым. Ошол күндөрү бош убактымды пайдасыз өткөрүп жаткандай туюлду. Ошол учурда жолдошумдун да жумушу жакшы болбой, каражат жагынан кыйналып калдык. Бирөөгө көз каранды болбогон иш тапсак деп көпкө ойлонуп, акыры нан бышырып сатууга токтолдук. Бирок, ал идеяны ишке ашырганга чейин кайын эжем үйгө келип калды. Аны сыйлап, таттуу токочторду жасадым. Алар өтө даамдуу болгондуктан кайын эжем торт жасап сатууну сунуштады», - деди Рахат.

Андан көп өтпөй Р.Аланова үйүндө түрдүү таттууларды жасап баштап, кайын эжеси дүкөндөр менен келишим түзүп, аларды сатууга көмөктөшкөн.

«Бул ишти 3 айлык баламды көтөрүп алып баштадым. Мен жасаган таттуу токочтор дүкөндөрдө дайыма жакшы сатылып турса менде изденүү болмок эмес. Дүкөндүн ээлери, кардарлар баш тартып, жаңы, өзгөчө тортторду ала турганын айта башташты.

Андан улам изденип отуруп, Америкадан көргөн таттууларды жасап көрүүнү чечтим. Буга студент кезимде окуу жайдагы келишим менен Америкадан билим алып, тажрыйба топтоп келгеним жардам берди. Бирок, керектелүүчү азыктар Ошто жок болчу. Аларды буюртма аркылуу Бишкектен алдыртып, аз өлчөмдө жасап көрдүм. Бирок, дүкөндөрдүн ээлери өзгөчө таттууларды жасоо талабын уланта беришти. Андан улам чизкейк тортун жасадым», - дейт ал.

Бул ишти өзү жалгыз баштап, жолдошун жардамчы кылган каарманыбыз учурда 7 адамды жумуш менен камсыз кылды. Күнүнө 150 литр сүт сатып алып, торттордун бир нече түрлөрүн жасагандан сырткары буюртмаларды да кабыл алат.

«Кардарлардын талабы да ар түрдүү болот. Алар каалагандай даамдарды жасоого кээде 2-3 күн убакыт кетет», - деди Р.Аланова.

Учурда жолдошу экөө эки балага тарбия берип, чакан бизнесин өнүктүрүү аракетинде. Ошто алгачкылардан болуп чизкейк, быштак, мөмө-жемиштер кошулган тортторду жасап баштаган Рахат бул ишин кенен жайылтууну көздөйт. Ошондой эле, чет өлкөлөрдөн тортторду жасоо боюнча билим алып, тажрыйба алмашып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×