Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 24.11.2016 09:00

Айыл турмушу: Алыскы Алайкуудагы бардык аялдар ат мингенди үйрөнөт (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун алыскы Алайкуу айыл аймагындагы тургундар үчүн ат негизги транспорт катары колдонулат. Бир айылдан экинчи айылга жетүүдө, мал-жандыктарды кароодо ат негизги жардамчы болуп берет. Алайкуулук аялдардын дагы ат минип жүргөнүн көрүүгө болот.

Алайкуу айыл өкмөтүнүн Көк-Арт айылынын 40 жаштагы тургуну Гүлзат Асанова ат минүүнү кичинесинен тарта үйрөнгөн.

«Мен ушул айылда төрөлүп, ушул айылда өстүм. Биз айылдын четинде турабыз. Дүкөнгө же иштерим чыкса ат менен чыгам. Дүкөнгө, айылга баруу үчүн 4 чакырым жол жүрүүгө туура келет. Атты кичинемден минип чоңойгом. Кээде шаардан биздин айылга келген меймандар аялдардын ат минип жүргөнүн көрүп таң калышат. Той-мааракелерде аялдар арасында эңишке түшөм.

Шаардык аялдар унаа айдаса, тоолук аялдар ат минебиз. Ар бир үйдө ат багылат. Ал эми, Ошко же район борборуна жолдун абалы жаман болгондуктан "Виллис" унаасында гана каттайбыз», - деди ал.

Гүлзат Асанованын 5 баласы бар. Жолдошу жумуш жоктугунан Россияда мигрант болуп иштеп жүргөнүн кошумчалады.

Айыл эли негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Кышка жакын дүкөндөр азык-түлүктөр менен толук камсыздалып, элге Ош шаарындагыдай арзан баада сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×