Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 29.11.2016 10:08

Айыл турмушу: Майрамдап жаткан дарыгерлер операция жасап, бир буту кесилген А.Атабаев таксист болуп эмгектенүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Бабалашкар айылынын 46 жаштагы тургуну Айбек Атабаев 3-топтогу майып экенине карабай такси менен жүргүнчүлөрдү ташыйт. Ал 2008-жылы жол кырсыгына кабылып, бир бутунан ажыраган. Эки жылга чукул 2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катары каттоодо турган.

«Жол кырсыгы болгон учурда эс-учумду жоготуп коюптурмун. Кырсык 22-февраль күнү болуп, 23-февраль күнү операция жасалган. Дарыгерлер майрамдап, мас абалында операция жасашыптыр. Бул окуя Токтогул районунда болгон. Ош облустук ооруканасындагы дарыгерлер бутту биротоло кесип салуунун зарылчылыгы жок экенин айтып чыгышты.

Бутумдун жок экенин көрүп туруп айрым мамлекеттик кызматкерлердин акча сураганы жанга батты. 2010-жылы социалдык кызматкерлер 15 миң сом сурап, мени 2-топтогу майыптардын тизмесинде калтыра турганын айтышты. Ал убакта 15 миң сом эмес, 15 сом табуу кыйын болуп турган. Сураган акчасын бере албай, 3-топтогу майып кылып жазып беришти», - деди А.Атабаев.

Кесилген бутуна протез улатып, өз тиричилигин улап келе жаткан Айбек үчүн жер меселеси негизги көйгөй экенин апасы кошумчалады.

«5 балам бар. Небере, келиндер менен бир үйдө жашайбыз. Баламдын абалын көрүп, эч ким бара элек жерден жер тилке беришкен. Бирок, ушул күнгө чейин тиешелүү документтери бериле элек. Себеби жок эле эртең кел, бир айдан соң кел деп кабыл албай жатышат. Балам жол кырсыгынан улам баспай калгандан кийин келинчеги баласын алып төркүнүнө кетип калды. Экинчи ирет үйлөнтүп, 5 келин менен бир короодо турабыз», - дейт апасы Азодахан Атабаева.

Учурда Айбек убактылуу унаа алып, таксист кызматын көрсөтүп жатат. Күнүнө тапкан кирешеси тамак-ашына жетет. Ал эми, 5 жаштагы кызын 2 жылдан бери бала бакчага киргизе албай жатат. Бакчага киргизүү үчүн жетекчилиги алдын ала 5 миң сом сураганын кошумчалады.

«Унаам бат-баттан бузулуп турат. Эки күн оңдосом, 3 күн иштейм. Унаага отурганда протез бутумду чечип коем. Айрым жүргүнчүлөрдүн боору ооруса, айрымдары "бир бут менен аман-эсен жеткире аласыңбы?" деп чоочулашат», - деди Айбек.

8 жылдан бери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Атабаевдерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарына же мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катарына кошпой келет. Учурда алган жөлөк пулу дары-дармектеринен ашпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×