Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуАраван району 03.12.2016 12:08

Айыл турмушу: Аравандык Т.Султанова чама менен кездемеге сүрөт тартып, мүшөктүн жиптеринен куурчактарды жасайт (фото)

Turmush -  Аравандык Тамара Султанова кадимки мүшөктүн жибинен түрдүү куурчактарды жасап, чайдан сүрөт тартат. Анын өзгөчө ыкма менен жасаган эмгектерине аймактык кабарчы да күбө болду.

IMG-20161201-WA0088

Чебер айым Араван районундагы балдардын чыгармачыл борборунда 3 жылдан бери эмгектенет. Анын чыгармачылык изденүү менен иштеген адис экенин Ош облустук балдардын чыгармачыл борборунун эстетика бөлүмүнүн башчысы Диларам Нуралиева кошумчалады.

«Араван районунда буга чейин кийиз менен иштеген мугалим жок болчу. Тамара үч жылдан бери жаш балдарга кийиз, жип, натуралдык боёк менен иштөөнүн сырларын үйрөтүп келет. Эки жыл мурун "Кийиз керемети" сынагында 3-орунду камсыз кылса, өткөн жылы "Куурчактар жармаңкеси" иш-чарасында 1-орунду ээлеген.

Ошондой эле, чайдын чамасынын жардамында кездемеге сүрөт тартканы өзгөчөлүк. Мындай ыкма буга чейин болгон эмес. Биз азыр бул ыкманы башка облустарга да жайылтып жатабыз», - деди Д.Нуралиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×