Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 07.12.2016 18:35 На русском

Айыл турмушу: Майып арабада отурган С.Ысманов тарткан сүрөттөрүн сатып, 4 баласын окутуп жатат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Зарбалик айылынын 53 жаштагы тургуну Самат Ысманов 25 жыл бою балдарга сүрөт сабагынан билим берди. Учурда ден соолугуна байланыштуу үйүндө тарткан сүрөттөрүн сатыкка коюп, каражат табат. 4 баласын окутуп, кийинтүү майып арабада отурган атанын милдети.

Ал мындан 6 жыл мурун басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

«Мектепке бара элек кезде калем, кагаз тартыш болчу. Ошол учурда улуу агамдын калемин уурдап алып, көзүмө жакшы көрүнгөндү сүрөткө тартып калмайын тынчыбайт болчумун. Өзүм мектепке барганда мага да калем алып беришти. Кичине кезимде эле мектепте, көчөдө же үйдө сүрөт тарткым келсе эч нерсеге көңүл бурбастан, отура калып сүрөт тарта берчүмүн», - деди ал.

Мектепти аяктап, аскерде кызмат өтөп келген соң Каракол шаарында билимин уланткан. Андан кийин айылында 2 жылга чукул сүрөт сабагынан мугалим болуп иштеп, жогорку окуу жайлардын чакыруусу менен университетке мугалим болуп кирген.

«20 жылдан ашуун убакыт жогорку окуу жайларда иштедим. Жумушума байланыштуу көбүнчө отурам. Шаарда жашагандыктан кыймыл аракет аз болчу. 2010-жылдан тартып бутум бат талып, кийин чоң кадам таштай албай калдым. Оорубайт, бирок бутумдун алсыздыгы күчөп баштады. Тең салмактуулукту сактай албай, мас абалда болгондой чайпалып басып калганыма карабай студенттерге сабак берип жүрдүм. Мени көргөндөр “мугалим мас абалында сабакка келип жатат” деп сыртымдан жек көрүп жүрүштү. Бутум такыр баспай калганча студенттерге билим берүүнү токтотподум.

Кийин жүлүндөн операция жасатып, такыр баспай отуруп калдым.

Балдарым жаш. Улуулары студент, кичүүлөрү мектепте окушат. Бош отурбай балдарымды баксам деп сүрөт тартып, сатыкка койдум. Сүрөттөрдү карапайым калк албагандыктан өтүмдүү эмес», - деди С.Ысманов.

Дарыгерлер бутунун баспай калуусуна катуу жаракат алганы же канга вирус киргени себеп болгонун айтышкан.

Учурда сүрөтчүнүн эмгектери көлөмүнө жараша 1 миң сомдон 7 миң сомго чейин бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×