Turmush — Ош гуманитардык педагогикалык институту — Кыргызстандын орто мектептерине педагог адистерди даярдоонун түптүү устаканасы, куттуу билим уясы. Анын тарыхы 1925-жылы Түштүктө биринчи болуп ачылган Ош педагогикалык окуу жайынан башталат.
ОГПИ – тарыхы терең, келечеги кенен окуу жай.
ОГПИ – кылымдык тажрыйбалар, заманбап технологиялар.
ОГПИ – мугалимдерди тарбиялоонун алтын уясы.
ОГПИ – билим берүүнү модернизациялаган окуу жай.
ОГПИ – Мугалимдерди даярдоонун түптүү устаканасы.
ОГПИ – мугалимдерди даярдоонун алтын бешиги.
1994-жылы Билим берүү министрлигинин коллегиясынын чечими менен Ош педагогикалык окуу жайы Ош педагогикалык колледжи болуп түзүлүп, бир топ педагогикалык жаңы адистиктер ачылган.
1996-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн №470 токтомунун негизинде Ош педагогикалык колледжи Ош жогорку колледжи болуп түзүлгөн.
2002-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн №316 токтому менен Ош жогорку колледжине Ош гуманитардык-педагогикалык институту деген макам берилген. Түзүлгөндөн бери окуу жай өсүп-өнүгүп отуруп, Кыргызстандын орто мектептери үчүн 35 миңге жакын мугалимдерди даярдап, туурунан учурду. Бүгүнкү күнү өлкөнүн бардык мектептеринде, өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектептеринде кесиптик жактан мыкты даярдыктан өткөн бүтүрүүчүлөрү ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Алар окуу жайда педагогикалык чеберчиликтин, окутуучулук жөндөмдүүлүктүн мыкты мектебинен таалим алышкан.
ОГПИде Ж.Бөкөнбаев, Т.Үмөталиев, Т.Шамшиев, Н.Биримкулов, К.Муратов, Б.Асанов, К.Шеркулов, А.Тажибаев, М.Эргашов, Ж.Шериев, Б.Каримова, Д.Турапов, Б.Апышев, А.Приев, М.Ишматов, И.Сулайманов сыяктуу Кыргызстанга белгилүү инсандар окушкан.
Учурда ОГПИни ынтымактуулукка үндөп, алга сүрөп, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович жетектеп келе жатат.
Окуу жайда окуу иштери боюнча проректор катары б.и.к., профессор Раимбеков Каныбек Тургунович, илимий иштер боюнча проректор болуп г.и.к., доцент Обдунов Элмурат Абдувапович иш алып барууда.
ОГПИнин башкы максатыОГПИнин коом алдындагы негизги миссиясы — Кыргызстандын орто мектептери үчүн сапаттуу педагог адистерди даярдоо болуп саналат. Өзгөчө элет жергесиндеги, алыскы жана тоолуу аймактардагы орто мектептерди жаш мугалимдер менен камсыз кылуу биздин эл алдындагы башкы милдетибиз. Ошондой эле орто мектептердин проблемасын изилдөө жана мектептерге окуу усулдук жактан, окутуунун жаңы технологиялары боюнча көмөк көрсөтүү негизги максат.
Окуу жай кандай адистерди даярдайт?
Учурда окуу жайда бюджеттик жана келишимдик негизде башталгыч класстын мугалими, мектепке чейинки билим берүү, дене тарбия, музыка, кыргыз тили, орус тили, кытай тили, англис тили, биология, химия, математика, информатика, география, тарых, социалдык иш, билим берүүнүн менеджменти, экология жана жаратылышты пайдалануу боюнча адистерди даярдайт.
ОГПИнин курамында азыркы кезде 6 факультет (музыкалык-педагогикалык, табият таануу-математика, гуманитардык, Кыргыз-Россия, дене тарбия ), 1 колледж ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
Окуу үчүн кандай шарттар түзүлгөн?
Учурда ОГПИде заманбап талапка жооп берген 4 окуу имараты, 650 орундуу студенттик жатакана, 60 орундуу электрондук китепкана, 4 спорттук аянт, 2 спорттук зал, 1 гимнастикалык, 1 күрөш залы, 2 теннистик корт, 150 миңден ашуун окуу китеби бар 3 окуу залы, 2 китепкана, интернетке байланышкан 7 компьютердик зал, 1 мультимедиялык зал, 3 виртуалдык лаборатория, студенттик ашкана үзүрлүү иштеп жатат. Мындан тышкары улуттук «Рух» борбору, мамлекеттик тил борбору, музыкалык маданий-эстетикалык борбор, Эгемендүү Кыргызстан борбору, Россия таануу борбору, 3 тилди интенсивдик өнүктүрүү борбору, Айтматов таануу борбору, экологиялык борбор, окутуунун инновациялык технологиялары борбору, лидерликке үйрөтүү борбору, медия борбору, жандуу бурч борбору, Америка таануу борбору, тарых жана этно-педагогика борбору, психо-диагностика борбору, дистанттык окуу борбору жана «Жаратман» чыгармачылык борбору, «Эрк» спорт клубу жана ондогон студенттик дебат, дискуссиялык, чыгармачыл, илимий клубдар иш жүргүзөт.
Эл аралык байланыштар — дүйнөгө чыгуунун жолу
ОГПИ бир топ эл аралык уюмдар, фонддор менен өз ара кызматташат («Сорос-Кыргызстан» фонду, «Евразия» фонду, ДААД, Юнеско, Юсаид ж.б.). Ошондой эле Россиянын, Египеттин, Кытайдын, Ирандын, Кореянын Кыргызстандагы элчиликтери менен карым катнашта. Мындан тышкары, Борбордук Азиядагы Америка университети менен жакындан иш алып барып, англис тилчи окутуучулар жана студенттер аталган окуу жайдан кошумча окуп, өз билимдерин жогорулатышууда. Ошондой эле, студенттер чет Кытайдын, Германиянын, Англиянын, Россиянын, Египеттин, Түркиянын университеттеринен билимин улантышууда.
ОГПИ дүйнөлүк стандарттарга умтулат
Ош гуманитардык-педагогикалык институттун түзүлгөнүнө 92 жыл болду. Бул жылдар аралыгында окуу жайда өтө масштабдуу, бай тажрыйба топтолуп, педагог адистерди даярдоо ишине бараандуу салым кошту, билим берүү мейкиндиги кеңейди. Билим берүү салттары калыптанып, өркүндөдү. ОГПИ традициялуу, классикалык билим берүү менен кошо жаңы инновациялык технологияларды айкалыштырып, билим берүүнүн эл аралык стандарттарына умтулууда.
ОГПИ — стратегиялык жагынан Мекендин келечеги болгон жаш муундарга педагогикалык адистик берүүчү, жан дүйнөсүнө адамгерчилик сапаттарды калыптандыруучу абройлуу окуу жай.
ОГПИнин административдик курамы:
-
Ректор — педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович;
-
Окуу иштери боюнча проректор — биология илимдеринин кандидаты, профессор Раимбеков Каныбек Тургунович;
-
Илимий иштер боюнча проректор — география илимдеринин кандидаты, доцент Обдунов Элмурат Абдувапович;
-
Башкы бухгалтер — э.и.к.доцент Абылов Рысбек Абдикаримович;
-
Чарба иштери боюнча проректор — Сейдалиев Сталбек Жармаматович;
-
Кесиптик кошуундун төрагасы — Кошбаев Алмамбет Бекжанович;
-
Окуу бөлүмүнүн башчысы — биология илимдеринин кандидаты, Абсатаров Равшан Рахманалиевич;
-
Кадрлар бөлүмүнүн башчысы — Кадыралиева Айнагүл Барктабасовна;
-
Тышкы байланыштар жана инвестиция тартуу департаментинин башчысы — экономика илимдеринин кандидаты, доцент, Субанов Турсун Таджибаевич;
-
Практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы — п.и.к. Байышева Гүлайым Жакышевна;
-
ОГПИнин «Билим ардагерлери» коомдук фондусунун төрайымы — Мурзакулова Саадат Жумашевна;
-
Мультимедия жана китепкана бөлүмүнүн башчысы — п.и.к. Арынбаев Эралы Калилович;
-
Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы — Шербаева Жыпаргүл;
-
Аспирантура бөлүмүнүн башчысы — соц.и.к.доцент Маткаримов Нурбек Төлөнбаевич;
-
ОГПИнин юристи — Кармышаков Талант Мырзабекович;
-
Атайын жана мобилизациялык иштер боюнча бөлүмдүн башчысы — Ахмедова Гүлмира Пазыловна;
-
Студенттик кадрлар бөлүмүнүн башчысы — Оморова Тинатин;
-
Маданий эстетикалык борборунун жетекчиси — Касымбеков Борүбай;
-
Аялдар кеңешинин төрайымы — Усубалиева Жамийла Увалиевна;
-
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы — Назымов Мунарбек Бурханович;
-
Жаштар комитетинин төрагасы — Жылкычы уулу Кубанычбек.
Факультеттер
Математика жана компьютердик технологиялар факультетинде (1999-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн) даярдалуучу адистиктер: информатика, математика, билим берүүнүн менеджменти.
Факультеттин миссиясы: Терең билимдүү, жогорку потенциалдуу, руханий жактан бай, ар тараптан өнүккөн адамды калыптандыруу, өзүн өзү өркүндөтүүгө умтулган, эмгек рыногунда талап кылынган адисти даярдоо.
Факультетте бир топ илимдин кандидаттары, профессорлор жана окутуунун мыктылары студенттерге сапаттуу билим беришет. Мындан тышкары студенттер үчүн заман талабына жараша шарттар түзүлүп, жаңы технологияларды колдонуу менен сабак өтүү процесстери калыптанууда. Учурда факультетте Жогорку математика жана МОУ кафедрасы, Информатика, жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасы жана Билим берүүнүн менеджменти кафедралары иш жүргүзөт.
Факультеттин деканы — Жумабаева Акылай Нооманжановна.
Гуманитардык факультет
Даярдалуучу адистиктер: англис тили, тарых, социалдык кызматкер.
Факультеттин миссиясы: Билим берүү жана социалдык тармактарга жогорку профессионалдуу, терең теориялык жана практикалык билимге ээ болгон жогорку маданияттуу, англис тили жана тарых адистиктери боюнча мугалимдерди жана социалдык кызматкерлерди даярдоо. Факультет 1997-жылы түзүлгөн.
Азыркы күндө факультетте 3 кафедра — Тарых кафедрасы, Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы, Социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедралары иш жүргүзөт.
Факультетте 57 профессордук-окутуучулук курамдан турган жамаат студенттерге үзүрлүү билимдерин берип, агартуу майданында мектептер үчүн тарых, социалдык иш жана англис тили адистиктери боюнча кесип ээлерин даярдап чыгууда. Студенттер үчүн окутуунун мыкты формалары иштелип чыгып, ар бир адистикке байланыштуу атайын борборлор заманбап шартта ишке киргизилген.
Факультеттин деканы — философия илимдеринин кандидаты, доцент Абжалов Турсунмамат Абжалович.
Кыргыз-Россия факультети
Даярдалуучу адистиктер: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, кытай тили.
Факультеттин миссиясы: Мекенчил, терең билимдүү, илимге кызыккан, эмгекчил, адамгерчиликтүү, чыгармачыл, демилгелүү, коомдун мыкты мугалимге болгон муктаждыгын актай алган, өз эне тилинин чыныгы күйөрманы болгон жана эл аралык кызматка татыктуу адисти даярдоо.
Факультеттин таржымалы: Кыргыз-Россия факультети 2003-жылы 23-июлда Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин, А.И.Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университети жана А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташуу келишими боюнча ОГПИнин окумуштуулар кеңешинин № 07.02.110 § 2 (№ 5 чечим 5.5.пункт) чечиминин негизинде ачылган.
Факультет ачылган күндөн баштап өндүрүшкө зарыл кадрларды даярдоо ишинде өзүнүн ордун, багытын аныктап алды. Жогоруда аталган Россия Федерациясынын жогорку окуу жайлары менен катар Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясындагы Бо-Ай Си Ань Эл аралык институту (10.10.2008-ж.) Синь-Цзян Уйгур автономиялык Республикасынын Үрүмчү шаарындагы Синь-Цзян педагогикалык университеттери (30.06.2009-ж.) менен билим берүү, маданият, илим-изилдөө багытында достук, кызматташтык, өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү максатында келишим түзүп, эл аралык байланыштарды чыңдоодо.
Бүгүнкү күндө факультетте Кыргыз тили жана адабияты, Орус тили жана адабияты, Кытай тили кафедралары иш жүргүзүп келет.
Учурда Синь-Цзян педагогикалык университетинен келишимдик негизде Ми Сюе, Жан Кхуэй, Пың Пин атту волонтерлор студенттерге кытай тилин өздөштүрүүгө жардам берип келүүдө. Мындан сырткары Россия таануу, Конфуций, Мамлекеттик тил, Манас таануу, Рух жана Э.Эрматов атындагы борборлор студенттерге жеткиликтүү, сапаттуу билим берүүдө иш жүргүзөт.
Кыргыз-Россия факультетинин деканы — п.и.к., доцент Мондошов Шамир Насирович.
Музыкалык-педагогикалык факультет
Даярдалуучу адистиктер: башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу, музыкалык билим берүү, мектепке чейинки билим берүү.
Факультеттин миссиясы: Азыркы шартта факультетте жаңы негизги баалуулуктарды, билим берүү салттарын, жамааттын аң-сезимин калыптандыруу жана практика жүзүндө маданияттуу инсанга айландыруу милдетин ишке ашыруу.
Факультеттин таржымалы: 1997-жылдын 25-февралында Ош жогорку колледжинин базасында «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» адистиги менен «Педагогика» деген аталышта ачылган.
Учурда факультет ОГПИнин эң ири факультеттеринин бири болуп, 1 миңге жакын студент сапаттуу билим алууда. Эң мыкты окуган, окуу жайдын коомдук, маданий-массалык иштерине жана спартакиадаларга активдүү катышкан студенттер материалдык жана моралдык колдоолорго ээ болуп келишет. Ошондой эле, факультетте жылына 200гө жакын бүтүрүүчүлөр мамлекеттик сынактарын ийгиликтүү тапшырышып, жогорку окуу жайдын мамлекеттик үлгүдөгү дипломдоруна ээ болуу менен республиканын билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенүүдө.
Факультетте эки кафедра: Педагогика кафедрасы, Музыкалык билим берүү жана психология кафедрасы иштейт.
Факультеттин деканы — п.и.к., доцент Миңбаева Кундускан Бодоновна.
Институттун ректору, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Зулуев Бекмурза Бекболотовичтин кайрылуусу:
«Ош гуманитардык-педагогикалык институту — педагогикалык багытта билим берүүчү, Кыргызстандагы жападан жалгыз окуу жайлардын бири катары өлкөбүздүн түштүгүндөгү, айрыкча тоолуу аймактардагы мектептерди кадр менен камсыз кылууда өзгөчө орду бар билим берүү уясы. Акыркы 5 жыл аралыгында Кыргызстандагы бир топ жогорку окуу жайлар, заманбап шарттагы билим берүү системасына өтүп, эл аралык байланышты күчөтүү сыяктуу алгылыктуу иштердин өз нугуна түшкөнү барыбызга маалым. Мына ошонун катарында ОГПИ да билим берүү тармагында кылымга тете бай тажрыйба топтоп, бүгүнкү күндө элдик тарбия менен заманбап билим берүүнү айкалыштырган, интеграцияланган окуу жайлардын катарына кошулуу менен шаардык, облустук, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги ар кандай илимий, коомдук-маданий жана спорттук иш-чараларда өзүнүн ынтымактуу жамааты, билимдүү, чыгармачыл студенттери менен өзгөчөлөнүп, мамлекетибиздин билим берүү тармагынан өз ордун таба алды. Жыл санап мектептерде, бала бакчаларда билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган илимий иштер корголуп, окуу жайдын базасында сапаттуу билим берүүгө, маданияттын өнүгүүсүнө, жаштардын интеллектик ой жүгүртүүсүн кеңейтүүгө жана улуттук нарк-наасилди бекемдөөгө багытталган иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Институттун мындай эмгектерин эске алып, тиешелүү тараптардан баалануусу профессордук-окутуучулук жамааттын эффективдүү иш алып баруусуна жана окуу жайдын мындан ары да өлкөбүздүн билим берүү тармагына жигердүү салым кошуусуна шыктандырат.
Окуу жайыбыздын илимий потенциалы акыркы жылдарда бир топ жогорулап, коомубуздун агартуу айдыңына мыкты салым кошуп келе жатат десек жаңылышпасмын. Мына ушундай аракеттердин акыбети кайтып, 2016-жылдын соңунда институтубуз ар тараптуу сыйлыктарга жетишти. Тактап айтканда, Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Мыкты мамлекеттик тилде жасалгаланган окуу жай”, “Мыкты түнкү жарыктандырылган имарат”, Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тандоосу менен “Жылдын мыкты окуу жайы-2016” Ош облустук профсоюз комитетинин тандоосу боюнча “Жылдын мыкты өнөктөш окуу жайы - 2016” аталды. КРдин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен үч ардагер мугалим, ошондой эле КРдин Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен үч агай-эжекелерибиз сыйланышты. Албетте, бул сыяктуу сыйлыктардын ыйгарылышы эмгек жамаатты жана студенттерди кубандырбай койбойт. Мындай кубанычты камсыз кылууда студенттер үчүн жагымдуу шарттардын түзүлүшүндө жана аталган жетишкендиктерди багындырууда жамааттын бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымактуулук менен жигердүү иш алып баруусунун белгиси деп эсептейм.
Дүйнө жүзүндө ааламдашуу процесси күч алып, келечекте жаштарыбыз өнүккөн технологиянын заманына жараша билим алуусу талап болуп жаткан учур. Демек, биз 20-30 жылдан кийин келүүчү талаптарга жооп бере алчудай кесип ээлерин окутуп, тарбиялообуз шарт деп ойлойм.
Ордолуу Оштун куту, ооматтуу билим журту болгон Ош гуманитардык-педагогикалык институту ар дайым билимдүү кесип ээлерин окутуп, тарбиялап чыгара берет. “ОГПИ – мугалимдерди даярдоонун түптүү устаканасы” деп айтылганы бекеринен эместир. Келечекке кайдыгер карабаган, коомубуздун агартуу тармагына өз салымын кошууга даяр, балдар менен иштөөнү сүйгөн, педагог болууну эңсеген келечек ээлерин куттуу окуу жайыбыз күтө бермекчи».