Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ош облусу, Ош 27.07.2017 20:06 На русском

Фото - «Ош-Тазалык» ишканасынын абоненттери менен кирешеси тынымсыз өсүп жатат

Turmush -  Ош шаарынын тазалыгын көзөмөлдөгөн «Ош-Тазалык» ишканасынын 2017-жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынга Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев жана мэриянын өкүлдөрү катышып, ишкананын жетекчиси Талант Капаров отчет берди.

Жетекчи 6 ай ичинде аткарылган иштерге токтолуп, абоненттердин саны, ишкананын бюджети мурунку жылдарга салыштырмалуу жогорулаганын, ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоого мүмкүнчүлүктөр жаралганын айтты.

«Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Талант Капаров

тазалык544444

Ишканадагы абоненттердин саны 2016-жылдын 1-июлуна карата 211 миң 885 адам болсо, 2017-жылдын 1-июлунда 225 миң 414 адамды түзүп, 13 миң 529 адамга көбөйгөн. Ал эми, бюджеттик мекемелердин саны бир жыл мурун 235 болсо, 2017-жылы 178 ишкананы түзүп, 57ге азайды. Коммерциялык түйүндөрдүн саны 3444 болсо, быйыл 3669 болуп, 225ке көбөйдү. 2016-жылы таштандыларды тазалоо акысы үчүн абоненттерден, коммерциялык түйүндөрдөн жана бюджеттик мекемелерден 40 млн 465 миң 713 сом жыйналган. Ал эми, 2017-жылы 50 млн 461 миң 680 сом жыйналып, 9 млн 995 миң 967 сомго көбөйдү. Ишкана 2013-жылдары 22 млн сомдун тегерегинде каражат жыйнап келсе, 2017-жылы 105 млн сомго жеткирүү аракеттери көрүлүп жатат.

«Ош-Тазалык» ишканасын өнүктүрүү стратегиясы алгачкы жолу 2017-жылы түзүлүп, аны ишке ашырууга мекеменин өз эсебинен 17 млн сом бөлүндү.

Ал каражатка аткарылган иштер:

  1. МТЗ-80 үлгүсүндөгү 2 трактор алынды. Эки техниканын баасы жалпы 5 млн 170 миң сом болгон. Мурун ишкананын балансында 56 техника бирдиги бар болсо, учурда 58ге жетти. Автоунаалардын көпчүлүгү эскилиги жетип, өз мөөнөтүн эбак эле өтөп бүткөн. Эскирген унааларды кайра-кайра оңдоо менен абал жөнгө салынып, экинчи борбор калааны тазалоо иштери аткарылып жатат. Ишкананын бюджетинин көбөйүшү менен жаңы техника алууга жетекчилик тарабынан аракеттер көрүлүүдө. Быйылкы жылы алынган эки трактор ишкананын тарыхында өз каражатынан каржыланган техникалардын алгачкысы. Трактордун ачкычтары айдоочуларга салтанаттуу тапшырылып, пайдаланууга берилди. Бул тракторлор таштандыны алып кетүүгө, кышкысын жолдордогу карды сүрүүгө жана шыпырууга ыңгайлуу.

2. «Ош-Тазалык» ишканасынын башкы кеңсеси көп жылдардан бери оңдолбой, полдору чирип, эшик-терезелери сынып калган эле. Жамгыр жааганда чатырдан суу өтүп, абоненттерге, кызматкерлерге ыңгайсыз абал жаралып келген. Бул жагдайлар эске алынып, ишкананын ичи-тышы, чатыры алмаштырылып, капиталдык оңдоодон өттү. Имараттын алдына таман таш басылып, темир тосмолор менен тосмолонуп, мекеменин ичи-сырты заманбап шарттар менен жаңыртылды.

3. Автогараждын сырты жаңыртылып, актап-сырдалды.

4. Автоунаа жуучу жай, жумушчулар үчүн мончо, ажаткана курулуп жатат. Мончо курулуп бүтсө жумушчулар жумуштан кийин жуунуп кетүүгө шарт түзүлөт. Автогаражда буга чейин унаа жуучу жай жок болгондуктан унаалар жуулбай, жагымсыз жагдайды жаратып келген.

мойка

автомойка

5. Ош шаарында быйыл таштандыларды чогултуу үчүн  200 даана контейнер алынды. Алар коммерциялык ишканалардын алдына, көп кабаттуу үйлөрдүн арасына орнотулуп, эскирип калган контейнерлер жаңыртылды.

6. Шаардагы жолдордун жээгине 918 даана таштанды үкөктөр орнотулду. Шаар тургундарына жана конокторго ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн өткөн жылы 500 даана урна орнотулса, быйыл 918 урнага көбөйдү. Эми шаардын жашоочулары таштандыларды урналарга таштап, тазалыкчыларга да жеңилдиктер болот деген ишеним чоң.

7. Чөп оруучу механизациялаштырылган шайман, гүл отургузуучу идиш, биодаараткана сатылып алынды. Ошондой эле, жарандарды тазалыкка үндөгөн видеотасма тартылып, баннерлер жасалды.

2015-жылдан баштап шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалоо милдети «Ош-Тазалык» ишканасына жүктөлгөн. Бүгүнкү күндө бардык көп кабаттуу үйлөрдүн короолору шыпырылып, арыктар тазаланып, бак-дарактарды иретке келтирүү жумуштары аткарылып жатат. Шаар ичиндеги борбордук көчөлөрдүн жээктериндеги чөптөр орулуп, күн сайын шыпырылып, таштандылардан тазалоо иштери үзгүлтүккө учурабайт. Жумушчуларга дагы ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 16 даана механизациялаштырылган чөп оргуч алынып, 8 бригадага берилди.

2016-жылдын алты айында 1795 жолбун ит ишкананын мергенчилери тарабынан атылса, 2017-жылы 1739 жолбун ит атылды. Эки мергенчи автоунаа, күйүүчү май жана ок-дарылар менен толук камсыз болуп, учурда жолбун иттерди жок кылуу аракеттери улантылып жатат. 

Таштанды талааларды, автоунааларды, контейнерлерди жана алардын ордуларын залалсыздандыруу жумуштары өз маалында жүрүп турат. Залалсыздандыруу иштери 2016-жылы 8 жолу уюштурулуп, 600 миң сом сарпталган. Ал эми, быйыл 12 жолу уюштурулуп, 800 миң сом жумшоо пландалган.

DSC_0054

DSC_0063

«Ош-Тазалык» ишканасынын жумушчуларынын окшош кийимдери да жаңыртылды. Жаңы формалар 2017-жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгарган жыйында тапшырылды. Мындан мурунку жылдары жөн гана күрмө берилип турса, акыркы 2-3 жылдан бери кийимдердин топтому бериле баштаган. Ал эми быйылкы жылы таң эртелеп көчө тазалаган жүктөөчүлөргө бут кийим, жалпы жумушчуларга жамгырда суудан калкалоочу плащ берилди. Мындан ары формалар ишкана тарабынан мезгил-мезгили менен акысыз берилип, эскиргени алмаштырылып турат.

DSC_0862

DSC_0836

Учурда ишкананын эмгек акыга, салыкка, күйүүчү жана майлоочу майга жана башка төлөмдөргө карызы жок. Ишкананын эмгек жамаатындагы 436 адам өз убагында эмгек акы менен камсыз болуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
49.04% (821)
«РСК Банк»
31.3% (524)
«Капитал Банк»
5.56% (93)
...
Всего голосов: 1674
×