Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 13.07.2018 12:19

Тилек Матраимов Ош облусунун башчылыгына талапкерлиги тууралуу: Мен мамлекеттик кызматкермин

Turmush -  Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына сунушталып жатканы тууралуу маалыматтар боюнча комментарий берди. Ал бул кызматка сунушталбаганын, бирок өкмөт тараптан сунуш болсо иштөөгө даяр экенин билдирди.

«Мен азыр эмгек өргүүдөмүн. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болууну мага эч ким сунуштай элек. Мен мамлекеттик кызматкермин. Мамлекет кандай кызмат тапшырса мен даярмын. Мен кызматка өзүм барам деп бара албайм», - деди Тилек Матраимов.

Тилек Матраимов

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка которулгандан кийин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция мэрликке өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашовду сунуш кылган.

Ал эми Т.Сарыбашовдун ордуна талапкерлердин бири катары Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов келиши мүмкүн экенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыккан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×