Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу 24.07.2018 17:14 На русском

Узарбек Жылкыбаев Ош облусунун жетекчиси болуп калышы мүмкүн

Turmush -  Жылкыбаев Узарбек Казиевич Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн жетектеп калышы мүмкүн.

Turmush басылмасына маалым болгондой, жаңы жетекчини жамаатка эртең, 25-июлда тааныштыруу пландалып жатат. У.Жылкыбаев буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеп келген. Аны бул кызматка Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда 2017-жылдын 17-мартында дайындаганы маалымдалган.

Ал эми Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашовду Ош шаардык кеңеши 18-июлда шаардын мэри кылып шайлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×